башкы бет » 2012 » Июль » 15 » «БИРИГҮҮ ТИЛЕКТЕШТИГИ» ИДЕЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ БИРИГИП ЖАТАБЫЗ»
11:39 AM
«БИРИГҮҮ ТИЛЕКТЕШТИГИ» ИДЕЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ БИРИГИП ЖАТАБЫЗ»
 
«БИРИГҮҮ ТИЛЕКТЕШТИГИ» ИДЕЯСЫНЫН НЕГИЗИНДЕ БИРИГИП ЖАТАБЫЗ»
№505 6-июль-12-июль, 2012-ж.

Бир нече айдан бери «Биригүү тилектештиги» рубрикасынын алдында жаңыдан телчигип келаткан «Мурас» саясий партиясынын мүчөлөрү жөнүндө кабардар кылганбыз. Бул ирет партиянын өкүлдөрүнө бир нече соболдор менен кайрылдык.

САБЫРБЕК ЗАЙЫРОВ, "Мурас" саясий партиясынын төрагасы: "ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫК МЕНЕН ЖҮРГӨН АДАМ МУРАСКЕР БОЛО АЛБАЙТ"

– "Мурас" деген аталыштан эмнени түшүнсөк болот, саясий партия катары так чечмелеп берсеңиз?
– Мурас дегенде байыртан бери келаткан ыйык табериктерди, кыргыздын көз карашын калыптандырган табигый мыйзам ченемдүүлүктөрдү, баалуулуктарыбызды билебиз. Мурас деп мындан тышкары кабыл алуу, байытуу, улантып кийинки муундарга өткөрүп берүү деп түшүнсөк туура болот. Бөтөн, жат, элдин тилегине туура келбеген нерселер кабыл болбойт. Атадан калган мурасты байытуу бул – илгертен калган элдик принцип. Өзүмчүл, жеке кызыкчылык менен жүргөн, зыянчыл адам мураскер боло албайт. Мурасты байытуу, улантып кийинки муундарга өткөрүп берүү туруктуу максатты, билимдүү болуп, мекен үчүн кызмат кылууну талап кылат. Көптөн бери бийликте турган жетекчилердин иши уланып кетпей, улам кийин келгени мурункунун ишин токтотуп, кылганын талкалап келе жатат. Иш уланмайынча, өлкөбүз өнүкпөйт. Мурас кылып, кабыл болуп, уланып кетиш үчүн, туура, элдин кызыкчылыгын коргогон иш-аракеттер, натыйжалар болушу зарыл. Туура эмес ишти эч ким уланткысы келбейт. Дилиң таза, ишиң жакшы болсо, мураскерлер көп чыгат. Биздин идея – элден чыккан "Биригүү тилектештиги" идеясы. Ага биз бекем карманабыз. Ишибиз – бабалардан келе жаткан мурас. Биз аны улантабыз, биз аны байытып, жаш муундарга өткөрүп беребиз. Алар болсо өз салымын кошуп, кийинки урпактарга өткөрөт. Биз дөөлөттүү кыргыз мамлекетин курабыз. Анткени биз атанын балдарыбыз!

– Элге сөзсүз партия түзүү менен гана кызмат кылыш керекпи, башка жолу жокпу?
– Мурас агымы абдан чоң, анын күчү жана мазмуну терең. "Көп түкүрсө, көл болот" дегендей, коомдун деңгээлинде натыйжалуу иш алып баруу үчүн көпчүлүктүн катышуусу, колдоосу керек. Жалгыз адам элдик мурастын кандайдыр бир бөлүгүн алып жүрө алат, бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Биригип, күчтүү уюм болбосок, өзүбүзчө көп сүйлөгөндөрдүн санын көбөйтүп, ойлогон оюбуз ишке ашпайт. Албетте, биз "Биригүү тилектештиги" идеясынын негизине биригип жатабыз. Мамлекеттик деңгээлдеги маселени чечүү үчүн мамлекетибиздеги мыйзамдардын чегинде иш алып барышыбыз керек. Идеяны элге жеткирип, колдоосуна ээ болушубуз зарыл. Милдеттенме алып, өлкөнү жетектеп, мамлекетибизди көтөрөбүз. Ал үчүн партия болуп чыгышыбыз маанилүү болот.

ЖОЛДОШБЕК ЖАКЫПОВ, төраганын орун басары: "МУРАС" – КЫРГЫЗСТАНГА КАЙДИГЕР КАРАБАГАНДАРДЫН ПАРТИЯСЫ"

– Партия качан түзүлгөн, башка партиялардан эмне өзгөчөлүгү бар?
– Расмий каттоодон 2011-жылдын 15-августунда өткөн. Даярдыктар буга чейин бир жыл аралыгында жүрүп келген. Андыктан партиянын ачылышында түптөлгөн негиз бар. Партиянын өзөгү – идея. Ал идеяга ишенип, аны көтөрүп жүргөн команда бар.
– Кимдин партиясы?
– Сиздин партияңыз. Кыргызстанга кайдигер эмес ар бир кыргызстандыктын партиясы. Партия жеке бир инсандын тегерегинде байланган эмес.

ЫКЫБАЛ АДНАЕВА, Камсыздоо бөлүмүнүн башчысы: "АЛДЫМ-ЖУТТУМДАРДЫН ЗАМАНЫ АЯКТАП БАРАТ"

– Көпчүлүк кызыккан суроо бул – партияны материалдык жактан камсыз кылуу эмеспи, акча каражатынын булагы кайдан келет?
– Ооба, бул негизги түйшүктөрдүн бири. Партиянын каражаттары мекенибиздин келечегине кайдигер эмес жеке ишкерлердин жана партиянын көз карашын туура көргөн жактоочулардын жардамы менен толукталат.
– Эмне үчүн азыр көпчүлүк акчага каражат катары эмес, эң башкы баалуулук катары мамиле жасап калышты? Сиздин байкооңуз кандай?
– Жашоо дайыма күрөштөн турат. Бул бир нече миңдеген жылдар мурун түзүлгөн программа болчу, көпчүлүк аны билген деле жок. "Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы" демекчи, алдым-жуттумдардын заманы эми акырына чыгып калды. Чыныгы баалуулуктар жашоодон өз ордун табат.

АДЕЛЬФИЯ АМАНКУЛОВА, PR жана пропаганда бөлүмүнүн жетекчиси: "ЭЛДИН КОЛДООСУНА ЭЭ БОЛОБУЗ ДЕП ИШЕНЕМ"

– Партияда жаштар канча пайызды түзөт жана алар кандай жоопкерчиликтерди аткарышат?
– Жаштар жетимиш пайызды түзөт, жөн эле жаштар эмес, жогорку билимдүү, иш билги, ак ниет жаштар. "Келечек жаштардыкы" деп айта турган болсок, жоопкерчиликти унутпашыбыз керек. Жоопкерчилик – улам иш жүзүндө аныкталчу сапат. Ал эми учурда улуулардын насаатын алып, идеологиядагы максаттарды ишке ашырууда негизги күч катары өнүгүүгө умтулуудабыз.
– Кандай жолдор менен элдин колдоосуна ээ болобуз деп ишенесиңер?
– Райкан Шүкүрбеков айткандай, "башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам" деп айтылып келет. Анын сыңарындай, биздин максат жөн гана бийликке келип, аны сактап калуу эмес. Бийлик бул – максатка жеткирүүчү каражат, демек, биздин иш алып баруубуз дагы түпкүрүнөн башталат. Бийликтен жогору турган улуу максатка, узак мөөнөттөргө жана эң негизгиси, иш-аракеттердин сапатына багытталган. Идеяны элге таңуулоо мүмкүн эмес, идеяны элге жугузат. Ошондуктан элдин колдоосуна ээ болобуз деген ишеним бизде терең. Бул бир гана убакытты талап кылат.

булагы
түрү: Кыргызыстан жаңылыктары | көрүлүшү: 1159 | кошуу: mederbek | даражасы: 5.0/2
жалпы пикир: 1
0  
1 esozy   (2022-01-28 8:45 AM) [Материял]
Hi, this is Jenny. I am sending you my intimate photos as I promised. https://tinyurl.com/y8nog24p

dth="100%" cellspacing="1" cellpadding="2" class="commTable">
аты *:
Email:
өкөлөт номур *:
жайыт кожоюну


点击这里给我发消息

TEL : 18997860235 , 18299570245

E-mail :
charshen.kasaba@gmail.com
kasaba@sohu.com
kasaba007@sina.com

ыр койгуч
жайытка баа берүү
добуш берүүгө кандайсыз ?
жалпы берилген добуш: 86
менин конокторум

учурда барлар : 1
жолоочу : 1
мүчө: 0
free counters
досторум
.
Манас текчеси
Кененим Бөлүгүнөн Үзүндү

э.......э.......э......э........эй
айтайын баатыр Манасты ,
арбактары колдосо ,
айтканым жалган болбосо.
жарымы төгүн , жарымы чын ,
жарандардын көөнү үчүн .
күрпүлдөтүп ырдасак ,
көпчүлүктүн көөнү ток .
..........................................
энеси суу кыргыздын !
атасы тоо кыргыздын !
көрдүңбү сөздүн уңгусун !
ала тоо бойлоп көчкөн журт ,
аркайган тоодо өскөн журт ,
кирин карда жууган журт ,
киндигин музда кескен журт ,
заңкайган нечен тоо менен ,
салгылашып келген журт ,
ак элечек арсак тоо ,
жалтырак муз , аппак кар ,
жамбаштап жатып көнгөн журт ,
малын карга жайган журт ,
кыргыз деген неткен журт ?
мөңгүнүн суусун ичкен журт ,
күрпүлдөп аккан сууларды ,
күн емес түндө кечкен журт !
таш жазданып көнгөн журт ,
талашып салкын шамалды ,
булут менен келген журт ,
булуттуу тоонун ичынде ,
тоодо өнүп өскөн журт ,
кыдырып тоону жүрөт деп ,
< кыркез>атка конгон журт ,
<кыркез>ды элдер айталбай ,
Кыргыз атка өткөн журт ,
............................................
э.....э.....э....э......эй
............................................

( Жүсүп Мамай варыянтынан алынды )
түшүм сатып алуу
жыл санак
«  Июль 2012  »
ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031
жайыт телеси
кыргыз жайыттар
кыргыз конуштар
кыргызыстан
башка жайыттар