башкы бет » макала » манасчылар

залкар манасчы Жусуп Мамайдын Өмур жолу

  

 

                           Кыскача өмүр баяны

1918-жылы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы кызылсуу кыргыз дубанынын Ак-Чий ооданынын карабулак айылы Меркеч кыштагында туулган.
Жети жашынан кат тааныган.
Анын агасы Балбай "Манас" дастанына кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн. Жусуп Мамай "Манас" дасатанын сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.
"Манас" дастанын Жусуп Мамай айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары "Төштүк", "Мамаке Шопок", "Көбөөн", "Толтой" сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.
Кыргызстанга бир нече ирет келген.
1989-жылы Теке айынын 3 Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан.
1995-жылы Кыргызстандагы "Манас" дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.
Кыргызстандык бедизчи Тургунбай Садыков анын айкелин жасаган.
Устаттары
Жусуп Мамайдын манасчы катары калыптанышына учурунда бир тууган агасы Балбай: Жусупакун, Ыбырайым (Ыбырайым Абдыракман уулу эмес), Чоюке, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Шапак, Дыйканбай аттуу манасчылардын оозунан жазып алган варианттарынын кол жазмаларын да пайдалангандыгы талашсыз.
Ал тууралуу иликтөөлөр
Кыргызстанда Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жана ал айткан «Манас» эпосун изилдеп келгендер: С.Алиев, Т.Кулматов, К.Жусупов, К.Жумалиев, М.Жумалиев, К.Кырбашев, К.Артыкбаев, Р.Кыдырбаева, Ж.Орозобекова ж.б. адистер.
Ал эми Кытай жергесиндегилерди алсак: Толкун Турду, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, Токтобүбү Ысак, Лаңйиң ж.б.
Өмүр таржымакалы тууралуу толугураак маалымат
Кыргыз Республикасынын эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган.
1925-1927-жылдары Жусуптун атасы Кашкардагы Назаркары, Үсөнакун деген молдолорду үйүнө алып келип, биринчисинен бир ай, экинчисинен үч айча окуттурат. Инисинин аракетин көргөн агасы Балбай, сегиз жашынан тартып Жусупка «Манас» эпосу баштаган, «Кербала», «Залзал-Заркум», «Шаймаран», «Кыз-Жибек» жана өзү бир нече жылдар бою чогултуп келген элдик көркөм чыгармалардын кол жазмалары менен тааныштырып, окута баштайт. Ошол жылдары Балбай иниси Жусупка «Манас» айтуунун ыкмаларын да үйрөтөт. Жусуп жердигинен куйма кулак, зээндүү, тунук көкүрөк болуп чоңоёт.
Башка манасчылардай эле Жусуп Мамай да «Манас» айтып калышына аян берүү себеп болгондугун белгилейт.
Эң алгачкы ирет ал он жашында Ырамандын Ырчы уулунан аян алат. Түшүндө жайдак буурул атка тердик салып минген кара чаар, оозу өтө эле чоң киши алдында пайда болот.
Жусуп атчан кишинин жанына барып, анын атынын суулугунан кармайт.
Ошондо кара чаар киши: «Эй бала, жакшы билип ал, тээтигилерди көрдүңбү?» - дейт.
Жусуп ал көрсөткөн жакты караса, эки боз атчан киши жанаша турган экен, экөө тең кутпа жакты карап, ак чапанчан болуп турган, алардын артында дагы жанаша эки атчан киши турган экен.
Бирөөнүн мингени кара көк ат, бирөөнүн мингени сары ат экен. Алардын белдери курчалуу экен, эң арка жагында бир ачык кызыл ат минген киши турган имиш.
Ошондо баштапкы кара чаар чоң киши Жусупка кайрылып, атчан адамдарды тааныштырат:
«Тээтиги эң алдында турган эки киши – Манас менен Бакай. Алардын аркасындагылар - Алмамбет менен Чубак. Ал эми тиги эң артында турган атчан – Сыргак болот. Мен Ырчы уул болом. Ажыбай аркада калды».
Артына кылчайып карайын дегенчекти болбой, Жусуп ойгонуп кетсе, түш экен.
Баатырлар Жусупка аян бергендигин билгенден кийин атасы Мамай айылдагыларды чакырып, бир козу союп, элдин батасын алат.
Ошондо атасы уулуна: «Манас деген тирүү олуя, жаш адам жакшы-жаман иштерге жолугат. Кырк жаштан өтмөйүнчө «Манас» айтпа» - деп, акыл-насаатын айтат.
Атасынын сөзүнөн чыкпай, «Манасты» эл алдында айтпай жүргөнү менен, уктап жатканда түнү бою айтып чыккан учурлары көп болот.
Бирок 1932-жылы көктөм мезгили келип, ууз кымыз чыкканда, чогулган элдин өтүнүчү боюнча Жусуп өмүрүндө биринчи жолу «Манас» айтып берет. Ал эми Жусуп 16 жашка келгенде, атасы Мамай дүйнөдөн кайтат.
Эки жылдан кийин 18 жаш курагында, кайсы бир отурушта Жумакун Мамбетакун манасчынын айтып жаткан «Алмамбеттин арманын» угуп, анын токтогон жеринен Жусуп чыдай албай улап айтып кирет да, «Алмамбеттин Көкчөгө баргандыгы» аттуу окуяны кошуп айтып бүтүрөт. Мына ошондон кийин гана Жусуп «манасчы» деген атка конот.
1961-жылы Шинжаң Уйгур автономиялык районунун борборунда адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси уюштурулуп, Жусуп Мамайдын айткан «Манас» вариантын жаздыруу үчүн атайын топ түзүлүп, жарым жыл аралыгында 110 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт.
1964-1966-жылдар аралыгында толуктоо максаты менен Жусуп Мамайдын вариантын жазып алуу үчүн экинчи ирет илимий экспедиция жиберилет.
Бул сапар манасчыдан 196 000 сап ыр кагазга түшүрүлөт. Ал эми 1966-жылы Кытайда «Маданий революция» саясаты башталгандыктан, 1966-жылдан 1978-жылдын ноябрь айына чейин Жусуп Мамай саясый куугунтукка туш болот.
Манасчы үй-жайынан ажыратылып, борбордон алысыраак болгон "Ак-Булуң” деген айылга көчүрүлөт. Манасчынын оозунан жазылып алынган Манастын 8 урпагынан турган материал Бээжинге жиберилет.
Бул каардуу жылдары Ак-Булуңда жатып тим болбостон, 1937-жылы атылып кеткен агасы Балбай учурунда айтып берген "Манастын урпактары тууралуу баянды” Жусуп Мамай өз алдынча кагазга түшүрө баштайт.
1978-жылы декабрь айында Жусуп Мамай Бээжин шаарына чакыртылып, ушуну менен үчүнчү сапар манасчынын вариантын кагазга түшүрүү иши колго алынат.
Ал эми 1964-жылы жазылып алынган материалдардын ичинен Жусуп Мамайдын «Семетей» гана бөлүгүнүн кол жазмасы калып, калганы дайынсыз табылбай калат.
Кайрадан башталган ишти Сакен Өмүр баштап, Асанбай Матим, Мамбетасан Эрги, Оргалча Кыдырбай, Толкун Турду, Токтобүбү Ызак тарабынан ишке ашырылып, манасчынын варианты боюнча Манастын 8 урпагы кагазга түшөт, алар: Манас – 50 миң сап ыр, Семетей – 37 миң сап ыр, Сейтек – 25 миң сап ыр, Кененим – 34 миң сап ыр, Сейит – 11 миң сап ыр, Асылбача-Бекбача – 30 миң сап ыр, Сомбилек – 11 миң сап ыр, Чигитей – 12 миң сап ыр.
Кагазга түшүрүү иши 1983-жылга чейин жүргүзүлүп, аягына чыгат.
Бул мезгил аралыгында Жусуп Мамайдын 18 томдон жана 200 миң ашуун сап ырдан турган варианты толугу менен кагаз бетине жазылып алынат.
1984-жылы манасчынын варианты боюнча «Манас» бөлүгү китеп болуп араб арибинде жарык көрөт.
Мындан сырткары Жусуп Мамайдын варианты боюнча: «Курманбек», «Эр Төштүк», «Багыш», «Толтой», «Тутан», «Жаңыл Мырза», «Мамаке Шопок», «Көбөк» сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыгат. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыгат.
Жусуп Мамай 1990-жылы Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн «Манас» эпосу боюнча Эл аралык илимий конференциянын катышуучусу болот.
Кыргызстанга манасчы биринчи ирет 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракесине, экинчи жолу 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине ардактуу конок катары чакыртылат.
 
түрү: манасчылар | кошуу: kasaba (2012-08-28)
көрүлүшү: 3279 | сын: 1 | даражасы: 0.0/0
жалпы пикир: 0
аты *:
Email:
өкөлөт номур *:
жайыт кожоюну


点击这里给我发消息

TEL : 18997860235 , 18299570245

E-mail :
charshen.kasaba@gmail.com
kasaba@sohu.com
kasaba007@sina.com

ыр койгуч
жайытка баа берүү
добуш берүүгө кандайсыз ?
жалпы берилген добуш: 81
менин конокторум

учурда барлар : 1
жолоочу : 1
мүчө: 0
free counters
досторум
.
Манас текчеси
Кененим Бөлүгүнөн Үзүндү

э.......э.......э......э........эй
айтайын баатыр Манасты ,
арбактары колдосо ,
айтканым жалган болбосо.
жарымы төгүн , жарымы чын ,
жарандардын көөнү үчүн .
күрпүлдөтүп ырдасак ,
көпчүлүктүн көөнү ток .
..........................................
энеси суу кыргыздын !
атасы тоо кыргыздын !
көрдүңбү сөздүн уңгусун !
ала тоо бойлоп көчкөн журт ,
аркайган тоодо өскөн журт ,
кирин карда жууган журт ,
киндигин музда кескен журт ,
заңкайган нечен тоо менен ,
салгылашып келген журт ,
ак элечек арсак тоо ,
жалтырак муз , аппак кар ,
жамбаштап жатып көнгөн журт ,
малын карга жайган журт ,
кыргыз деген неткен журт ?
мөңгүнүн суусун ичкен журт ,
күрпүлдөп аккан сууларды ,
күн емес түндө кечкен журт !
таш жазданып көнгөн журт ,
талашып салкын шамалды ,
булут менен келген журт ,
булуттуу тоонун ичынде ,
тоодо өнүп өскөн журт ,
кыдырып тоону жүрөт деп ,
< кыркез>атка конгон журт ,
<кыркез>ды элдер айталбай ,
Кыргыз атка өткөн журт ,
............................................
э.....э.....э....э......эй
............................................

( Жүсүп Мамай варыянтынан алынды )
түшүм сатып алуу
жайыт телеси
кыргыз жайыттар
кыргыз конуштар
кыргызыстан
башка жайыттар