[ жаңы кат куржун · катышуучу · талкуу эрежеси · тинтүү · RSS ]
Страница 1 из 11
талкуу » Кыргызым - менин жүрөгүм » Ардагерлер Ааламы » ыр атасы ли бай (байыркы кыргыздын кыйын уулу)
ыр атасы ли бай
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:25 PM | учур # 1
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
ыр атасы  ли бай

 мамлекетибиздин килассикалык алп акыны,
пойезыя пири, теңиртоо кулуну улуу ли бай жөнүндө
           
Амантур Абдырасул уулу
байыркы жуңго (Кытай) пойезыясы жөнүндө сөз болгондо улуу ли байды кыйгап
өтүүгө мүмкүн эмес, атүгүл азыргачейин ли байчалык ыр жазган жуңголук
(кытайлык) али чыга элек. ал жалаң жуңгодо гана эмес дүйнөлүк адабийат
аренасында, айрыкча пойезыйа саласында бараандуу орунду ээлеп,
мамлекетибиздин маданият маркасы, улуттук сыймыгы болуп келет. анын лирикага
бай романтикалик көркөм пойезыясы, оттой сезимге кенелип, чалкыган жалындуу
ырлары, өмүрлүк күчү ашып-ташкан өлбөс-өчпөс ыр түрмөктөрү ыр күйөрмөндөрүнүн
көңүл-күйүн көтөрүп, чалкытып-балкытып, делебелентип-дегдетип, ушул тапта ыр
сүйөр коомчулуктун роханый дөөлөтү, барктуу баалуулугу катары бааланууда. ли
байдын жалындуу пойезыясы мындан кийин да ыр жандуу инсандардын көңүлүндө
түбөлүккө майак болуп жана берет да, ал өмүр бойу ыр атасы, пойезыя пири бойдон кала берет.
1. тарых-таржымалы 
лиы байдын өз аты тайбай (太白) болуп, даңазалуу
таң сулаласы (падышалыгы) тушунда, мындайча айтканда жылсанактын 701-жылы орто
азыйадагы суйап шаарында  азыркы
кыргызыстандын токмок шаарында төрөлгөн, (тактап айтканда, токмок шаарынын
түштүк батышына 8000 метыр келетурган акбешым байыркы шаарчасында жарык дүйнөгө көз ачкан).
бул тыйанак мамлекетыбыздын атактуу аалымы, айтылуу акыны, таанымал тарыхчысы
го моро мырза баштаган иры илымпоздор жагынан ырасталып, го моро мырзанын
1971-жылы ел адабийат басмасы жагынан жарык көргөн «лиы
бай жана ду фу» аттуу кытебынде: “таң доорунун акыны лиы бай вузытйендын чаң-ан
жылнаамасынын тунгуч жылы (701-жылы) орто азыйадагы суйап шаарында туулган” деп
байандалат. демек, го моро жагынан ортого койулган бул тыйанак ушул тапта илым
саласында, лиы бай таануу саласында орток мойундоого жетышып, жалпы жактаган
авторытардуу да бырдыктүү тааным болуп калды.
тарых ызылдөөчүлөрдүн бекымы бойунча, тайбайдын кубарлары тегынде азыркы
гансу дубаны тйеншуй шаарынын чекебелындегы чин-ан деген жерден болуп, (лиы
байдын атажурту сычуан дубаны жана хубей дубаны болгон деген маалыматтар да
бар), суй сулаласынын акыркы жылдарында падышанын куугунтугуна учурап, теңыртоого ооп келып, алым-сатым
ыштеры менен суйап шаарын мекендеп ал жерде туруп калган.
илымпоздор лиы байды хан сулаласынын атактуу сангуну лиы
лыңдын урпагы болгон деген жоромолдорду да алга койушууда. а лиы лыңдын
чоожайына токтоло турган болсок, тарыхнаамаларда жазылышынча, жылсанактан
ылгеркы 87-жылы хан сулаласы кыргыздар (坚昆) менен бырыгып хуннулардын (匈奴) мизын кайтарып, хуннуларды батышка --
теңыртоого көчүүгө мажбур кылган, ошондо лиы лиң (李陵) аттуу хан елынын атактуу сардары падышалык
быйлык жагынан хуннуларга каршы согушка жыберылып туткунга түшүп, хуннуларга ел
болуп, анан хуннулар жагынан кыргыз жергесыне төбөлдүккө жөнөтүлүп,
ал кыргыз жерыне барып кыргыздардын кызматын кылып, кыргыз жерынде түбөлүккө
калып, кыйынче кыргыз насылыне өтүп кеткен. тарыхый жазмаларда “кыргыздар
тегынде сары чачтуу көк көздүү арыйан расасынан болуп, кыргыздардын кара көз, кара чачтуулары дал ошол лиы лыңдын
тукумдары болгон. демек, кыргыздар байыркы хан елынын жеендеры болушкан” деп
айтылат. ошондуктан, лиы байдын ата-бабасы как ошол “чыккынчы” лиы лыңдын
урпагы болгондуктан, жана батыш чөлкөмдөн баш көтөрүп чыккан “бандаларга”
жамтарткандыктан, лиы байдын аталары орто түздүктө кандын казабына учурап,
батыш чөлкөмгө сүргүн кылынганда, же өз еркы менен кеткенде, алар өз кезынде
“кыргыздарга кеткен кубарларын ыздеп теңыртоого келышкен” деп жоромолдогонго да болот.
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:27 PM | учур # 2
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
айтмакчы, айтылуу лиы байдын ата-бабаларынын ак карлуу алатоого келышы,жергылыктүү ел менен ырашкер ымала түзүп камыр-жумур болушу, айрыкча лиы байдын
ушундай касыйеттүү теңыртоонун етегынде төрөлүп, өзгөчө чөйрөдө көз ачышы --
анын орто түздүктөгү егынчы елдерден бөтөнчө ой жүгүртүп, езелкы көчмөндөрдүн
ее-жаа бербеген чалкыган чабытына кенелып, елден ерекче акын болуп жетылып
чыгышына өбөлгө түзгөн.
токсон ооз сөздүн ток етер жеры-- тайбайдын көзүн ачып көргөнү ак карлуу
алатоо, алатоонун сүттөй тунук жарык айы болгон, ачык асман, ак карлуу алатоо
бала лиы байдын аң-сезымыне сиңып, жан дүйнөсүнө түбөлүккө кыттай орноп, өмүр
бойу “теңыртоо, теңыртоонун толгон айы” деп жар салып өткөн.
алты жашар кезынде атасы аны алатоодон ажыратып, алыскы атажуртуна,
азыркы орто түздүккө алып барып, чоң дүйнөгө аралаштырып, калгылдаган каканчын
жергесынде каңгырап айер-быйерде айланып жүрүп, акыры азыркы сычуан дубаны
жйаңйу ооданынын чыңлйен айылында бир мезгыл орун-очок
алып туруп калат, жергылыктүү елдын салты бойунча урук-ат (фамилйа) колдонуп,
баба фамилйасы “лиы” деген урук- атты кабыл алып, лиы байдын аты-жөнү адегенде
мурдагы “тайбай” деген түркүчө (кыргызча) атына “лиы” деген урук-аты жалганып “лиы тайбай”
болот, ошентып байыркы көчмөн түркүлөрдүн жылкыны аздектөө салты бойунча
койулган “тайга — жылкыга бай бол” деген мааныдегы адепкы “тайбай” аты орто
түздүктө өздүгүнөн жок болуп, кыйынче кыскартылып “ли бай” деген атка конот,
турган жеры чыңлйен айылы болгондуктан, лиы бай өзүнө “чыңлйенжүшы” (青莲居士 чыңлйен
тургуну) деген калем атты ыйгарат.
ли ыбайдын атасы теңыртоодон ычкерыге жаңы келгенде, батыш өрөөндөн
көчүп келген “бөтөнчө адам” болгону үчүн көпкө чейын кодуланып, лиы кы (李客) –
“конокбай” деп аталып, хан елынын шарына көпкө дейре аралашалбаган.
ал емы, лиы байдын туулган жеры суйап шаары бойунча токтолотурган
болсок, тарыхый маалыматтарга негызденгенде, аталган шаар 7-, 8-кылымдарда
чыгыш менен батыштын сайасый-економыкалык чордондорунун бырыне айланып,
гүлдөп-өнүгүп, алгачында түрк, түргөш, карлук каганаттарынын
борбору болсо, кыйынче айбаты жер солкуткан каракытайлардын (батыш лйав
сулаласынын) борбору болуп турган. бул тууралуу атактуу сайакатчы шуанжуаңдын
(таң сыңдын) «батышка сапар естелыгы» аттуу атактуу емгегынде бир кыйла толук
маалымат берылет, анда: «сүййешуй (суйап) бардык коңшу өлкөлөрдүн көпөстөрүнүн
чогулатурган жеры» деп аталган.
а. берныштам өңдүү атактуу ызылдөөчү архыёлогдор байыркы суйап
шаарынын орду азыркы токмок шаарынын жанындагы акбешым байыркы шаарчасы
болгондугун божомолдошот. тарыхый жазмалардагы байандар жана ал жердегы
архыёлогыйалык казуулар аалымдардын бул пыкырын бир чама толук
далылдейт. архыёлогдор ал жерден абёму 26 кылометыр келетурган байыркы дубалдын
тоомун табышкан, ошондой еле байыркы тоопкананын урандысын байкашкан, жана
андан таң доорунда жасалып, бетыне “каййуан туңбав(开元通宝)”,
“далиы туңбав(大历通宝)” деген жазуулар түшүрүлгөн теңге пулдарды, ескы карапа кумгандарды табышкан, демек
азыркы акбешым байыркы шаар урандысын кадымкы суйап шаарынын орду болгон деп
өкүм чыгарууга толук негыздер бар.
2001-жылы улуу акын ли байдын 1300 жылдык
курак тойу дүйнөнүн жер-жерлерынде, асыресе аны менен түздөн-түз байланышта
болгон жуңго менен кыргызыстанда кеңыры белгыленды, 23-нойабырда өкмөттүк
демылге жана илымпоздордун уйуштурушу менен бышкек гуманытардык унверсытетынде бир топ илмый жыйындар өткөрүлүп, шаарда адабий-тйатырлаштырылган
кечелер болуп өтүп, акындын алгачкы тандалма ырлар жыйнагы кыргыз-ханзу-орус
тылдерынде жарык көрүп, анын бет ачары болду, ошондой еле мындай иш-чаралар
такай өткөрүлүп, кыргызыстанда лиы бай таануу уламдан-улам жогору белестерге көтөрүлүүдө.
(быйерде
айта кетчү нерсе, өз кезынде орус тылынде кетырылген чекылыктен улам, кыргызыстанды
камтыган мурдагы советтер сойузунда лиы байдын аты “лиы бо” болуп туура емес
калыпташтырылып, бул каталык азырга чейын уланып келүүдө. ошого, муну азыр
кыргызыстанда “лиы бай” деп оңоп алууга тийыш).
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:28 PM | учур # 3
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
айтор, лиы байдын ата-бабасы бардар көпөстөр болуп, жыбек жолунун чокортосуна жайгашкан гүлдөгөн суйап шаарында соода жасап узак турган. лиы байдын
атасы ары былымдүү ары оокаттуу жетык инсан болгондуктан, бала тайбайды
жаштайынан жакшы тарбийалап, илым-былымге сугарып,
окуу-агартуу жагына күч жумшап, жердыгынен жетылтып, лиы байдын келечекте иры
инсан, атактуу акын болуп жетылып чыгышына чоң өбөлгө түзсө؛
мың чыбей (孟驰北) сыйактуу кеебыр атактуу аалымдардын ызылдешынче, лиы байдын енесы
түркү улусунан чыккан айытлуу айым болуп, лиы бай ымыркай кезынде бешыкке жатып торолсо,
бала кезынде суйап шаарында түркү тылынде сүйлөп чоңойгон, кыйынче орто
түздүккө баргандан кыйын да даңазалуу таң сулаласынын борборшаары чаң-ан
шаарында дайыма батыш чөлкөмдөн барган елдер менен туулган
жеры теңыртоо жөнүндө баарлашып, алар менен дайыма түркү тылынде сүйлөшүп чер
жазып турган. демек, екы тылде ой жүгүртүп, екы тайпанын баалуулуктарын
кабылдоо бала тайбайдын болочокто орто түздүктө елден ерекче адам болуп жетылып
чыгышына чоң шарт түзгөн.
ыр пиры лиы бай алатоодон орто түздүккө баргансоң, бир жерде
туралбайт, ал атасын еерчып абалкы көчмөндөрдөй айер-быйерде тентып, азыркы
гансу, сычуан, хубей, жйаңшиы, анхуй, шаншиы сыйактуу дубандарды кыдырып, көптү
көрүп, көзү ачылып, хан тилын ыйыне жеткыре ыйгерып, ошол
тылде ыр жазып, улуу акын катары алыс-жакынга таанылат. дегынкысы, улуу лиы бай
ал кездерде ар жагынан жетышкен таанымал талант болсода, ордо сыноосунан өтүп
мансаптар болууга көзү жетып турсада, орто түздүктө миң жылдар бойу уланып келген, елдын
баары кызыккан ордонун мансаптарлык сыноосуна катышкан емес, кайра көчмөндөрдүн
күрөздүгүнө салып, ордону көзгө ылбей, “зөөкүрдүк кылып”, керек болсо “адам
өлтүрүп”, еен-еркын ел кезып, ыр курап чабыттап жүргөн. бул да анын
матерыйалдык байлыкка кызыкпай, роханый байлыкка кызыккан, мансапка кызыкпай, баатырдыкка,
еркындыкке кызыккан “жапайы” көчмөндүк пысхологыйасын туйунтуп берет.
айкашка акын лиы бай айер-быйерды кыдырып жүрүп, акыры кыран курагын
айактап ер ортонуна жакындаганда, таң сулаласынын башкалаасы, улуу державанын
сайасый, економыкалык, маданий борбору чаң-ан (азыркы ши-ан) шаарында бир
мезгыл туруп калат. жылсанактын 743-жылы улуу лиы бай кырктын кырын аттап
таланты толуп-ташып турган кезде, даңазалуу таң сулаласынын ошол кездегы падышасы
таң шуанзуң илым-өнөрлүүлөрдү сыйлаган, таланттууларды аздектеген көрөсөн кышы
болгондуктан, улуу лиы байдын даңазасын угуп, аны ордого чакыртып келып,
талантын сынап көрмөк болот. лиы бай ордого келгенде, падыша колуктусу йаң
канайым менен арткы чарбакта мудан гүлүн сонуркап турган болот, падыша таң
шуанзуң акын ли байды чоң сый менен тосуп алат да, ушул көрүнүштү ыр курап
туйунтасың деп буйрук берет, лиы бай адатынча “шыгым келбесе ыр курай албайм”
деп ак жерынен жарылат, падыша буга макул болуп, лиы байга шарап берып шыгын
келтыргенсоң, ли бай ошол жердын өзүндө:
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:31 PM | учур # 4
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
ли бай адатынча “шыгым келбесе ыр курайалбайм” деп ак жерынен жарылат, падыша буга макул болуп, лиы байга шарап берып
шыгын келтыргенсоң, ли бай ошол жердын өзүндө:
“清平调”

云想衣裳花想容,  
春风拂槛露华浓,  
若非群玉山头见,  
会向瑶台月下逢。  
“чиңпыңдйав”
көйнөгү булас ажары гүл,
жаз желы сылайт шүүдүрүм,
акактай тоодон кылактап,
ай нурун жерге түшүрдүң①.
 
(булуттар сууга чагылды,
          
термелет андан көлдүү жеек.
          
берметтын көзү шүүдүрүм,
          
күзгү айды туурап нур берет)②.
деген атактуу ырын курап чыгып, ашкан талантын айгынелеп, таң падышасы
менен канайымын катуу кубантат, таң падышасы мындан абдан ыраазы болуп, акын ли
байды ордонун жазмакерлер сарайына (翰林院) алып калат.
демек, быйерде биз лиы байдын көчмөн елдерге таандык болгон төкмөчүлүк өнөрүн
пайдаланганын көрүп алабыз, ошондой еле мындан лиы байды ары төкмө акын ары
жазма акын болгон деген тыйанак чыгарабыз.
бир күнү таң сулаласына коңшулаш жайгашкан бокай өлкөсүнүн (渤海国) каганы
таң сулаласынын падышасына согуш жарыйалап кат жыберет, кат алардын тылынде
жазылгандыктан катты ечкым окуй албайт. ошондо, ордодогуладын есыне бөлөк
улуттун тилын былген лиы бай келет, айткандай лиы бай катты окуп которуп берет
да, падыша таң шуанзуңга: “сиз бул катты алык албай еле койуңуз, мен аларга өз
тылынде жооп жазайын, ошону менен алар екынчылеп тыйышпес болот” деген сунушту
берет, айткандай, алар екынчылеп таң сулаласына катылбас болуп,
атактуу акын лиы бай таң сулаласынын амандыгы жана чөлкөмдүн тынчтыгы үчүн зор
салым кошот.
     
кыйынче, ал ордодогу “орчундуу” мансабынан суранып кызматтан кетет. лиы
байдын емне үчүн кызматтан кеткены тууралуу илымпоздор арасында көптөгөн
түкшөмөлдөр бар, кеебырөөлөр: лиы байдын кетышыне жогор жакта айтылган ыры
себеп болгон, ырда таң сулаласынын канайымына астырттан тил тыйгызылген, десе؛ кеебырөөлөр:
лиы бай ордодогу дасторконго адепкы көчмөндөрчө өтүгүн чечпей чыкканы үчүн
кызматтан айдалган дешет؛ а кеебырөөлөр болсо: тынымсыз шарап ичып, дайыма мас абалында
деңдароо жүргөнү үчүн ыштен бошотулган, деп есептешет؛ ал емы дагы бир айтым бойунча, лиы бай мансаптан акындыкты, ордодо
кызматка байлануудан сырттагы еркындыкты артык көргөнү үчүн өздүгүнөн кызматтан
кеткен, деп каралат.
мен лиы байдын пысхологыйасына негызденып, ушул ең
акыркы болжомду туура деп есептейм. анткены, көчмөндүк таалим-тарбийада, жайлоо
маданийатынын шартында чоңойгон лиы бай үчүн айтканда, мансап-мартаба көчмөндөр
үчүн ечнерсеге арзыбаган кадыресе көрүнүш катары каралып, ал ордодо түрдүү жосундарга көз
каранды болуп кысылып жүргөндөн, сыртта еен-еркын шарап ичып ыр жазып,
дуулап-куунап еркын чабыттап жүргөндү өөдө көргөн, быйлыкке караганда
еркындыкты жана баатырдыкты кастар туткан, бул көчмөндөрдүн көнүмүшүнө төп
келет, мындайча айтканда кыргыз пысхологыйасына да дал келет, ошого ушул
тыйанакты туура деп есептесек албетте ашачапкандык болбойт.
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:32 PM | учур # 5
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
илымпоздордун тарыхый даректерге негызделып ызылдөөсү бойунча, улуу лиы бай760-жылдары быйлыктын каалоосуна каршы иш кылганы үчүн, тактап айтканда ошол
кезде улуу таң сулаласынын черүүлүк колбашчысы болуп ыштеген, түркү насылынен
болгон ан лушан, шы сымың сыйактуулардын таң сулаласына каршы тополоңун
колдогону үчүн жергылыктүү быйлык жагынан сүргүн кылынып, ошол кезде азыркы
анхуй дубаны даңту ооданынын акымы болуп ыштеген байкесы лиы йаңбыңдыкыне
башкалкалап барып, 762-жылы 61 жаш мүчөлүндө ошол жерде жарык дүйнө
менен кош айтышкан.
лиы байдын кантип каза болгондугу жөнүндө тарыхый жазмаларда жана ел
арасындагы айтымдарда мындай екы түрдүү маалымат бар: бирынчысы, беш падышалык
доорунда жашап өткөн ваң диңбав деген кышынын «таң падышалыгы жөнүндө жапма
кеп-сөздөр» аттуу емгегынде: “(лиы бай) кымкап тон кыйып сарайдан чыгып, шыжйаң дайрасында сайрандап,
көйрөңдөнүп көзүнө ечтеке көрүнбөй, деңгемас болуп, суудагы айды алам деп
дайрага секырып өлгөн” деп жазылат. демек, айтылуу акын  алыскы атажуртун сагынып, теңыртоонун тунук айын
сагынып, адатынча арак ичып алакүү болуп, адепкы ай жандуу акын дайранын
бетындегы айды көрүп алам деп дайрага секырып тумчугуп өлгөн да, лиы байдын
балдарынан жашырып “айып жабуу” үчүн лиы байды акыркы сапарга узаткандар
атайлап аны “ооруп ажалдан өлдү” деп койгон؛ дагы бир маалыматта болсо, акын
лиы бай “сезгенч оорусуна чалдыгып, оору айынан ааламдан өткөн” делынып,
дайрага секырып өз жанын өзү кыйуу өз доорунун етыкасына туура келбейтурганы
жөнүндө айтылат. кантсе, да ли байдын арабыздан кеткеныне азырга чейын 1300 жыл
өткөн болсо да, бирок анын акындык өмүрү (екынчы өмүрү) дале түбөлүккө
өлбөй-өчпөй арабызда жашай берет.
2. лиы байдын көркөм пойезыйасы
улуу акындын ушул тапка чейын бызге жеткен мырастары бардыгы 1000 шыңгыл
ыр болуп, чыгыш пойезыйасынын баалуу байлыгы есептелет.
лиы байдын ырлары мезгыл менен мейкындын чегынен аттап өтүп, көз
алдыдагы көрүнүштү көркөм сүрөттөп, жөнөкөй сөздөр аркылуу адамды елестүү
дүйнөгө баштап кырет, адамга естетыкалык туйгу багыштап, романтыкалык лаззат
ыроолойт, образдуу сүрөттөөлөр аркылуу адамдын жүрөк кылын
чертет, тилы жөнөкөй да табыйгы, окумдуу да жеңыл, ыргактуу да шыдыр болуп,
истылы елдык ыкмага жакын, адамдаштырып сүрөттөгөнгө маш, рейалдуу турмуштун
бет-бейнесын ачып берет, сезымге бай, курулмасы епчыл, жүрөктү опколжутуп
адамды орошон ойго салат, чалкытат-балкытат, жан дүйнөңдү жаадыратат, адаттагы
адамдар байкабаган көркөм көрүнүштү көз алдыга тартып берып көшүлтөт,
тамшантат, кепшетет, сезымды серпылтет. лиы бай сөзгө жан кыргызып, таасырдүү,
жаркын, жандуу, елестер аркылуу собыктып туйумун
чагылдырып, окурманды даркам мейкындыкке алып чыгат, анан дендароо кылып мас
кылат, лиы байдын ырларында күчтүү мекенсүйөрдүк, ашкан лырыкалуулук бар, учкул
канаттуу саптар ет жүрөктү елжыретып, адамга бүтпөс естетыкалык үзүр багыштайт.
төмөндө атактуу акындын лырыкалык ыр саптарынан орток үзүрлөнүп
көрөлү:
            
чиңпыңдйав
            
булуттар сууга чагылды,
            
термелет андан көлдүү жеек.
            
берметтын көзү шүүдүрүм,
            
күзгү айды туурап нур берет.
.                          (кыргызыстандын котормосу)
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:33 PM | учур # 6
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
жыңтың тоодогу жалгыздык
канат кагып куштар кетты алыс жакка,
калгылдаган булуттар тарап ар тарапка,
жалгыз калдым ой бузулуп мен сумсайып,
мен кептенген жыңтың тоого назар салып.
таңкы сапар
коштошуп байды шаарынан,
жйаңлиңды карай жанганда,
мечындер коштоп үн салат,
кайыкчан сапар тартканда.
 
ваң лун досума
кайыкка түшүп сапар тартайын деп турсам,
өйүздө бырөө ырдагандай болгону,
шабдаалы көлү канчалык терең болсода,
ваң лун достун меерынчелык болбоду.
 
бутканада өткөн түн
мунарасы жүз кулач,
жылдызга колуң жеткыдей,
доош салсаң чоңураак,
пайгамбар чочуп кеткыдей.
 
“жы” агама кошок
ал дүйнөдө “жы” агам,
ачытасың шарабың,
жаныңда жок лиы байың,
кым байкушка сатарсың.
 
конок болуу
“ланлиң” шарап жоогазын,
сыр айакка куйулган,
үй еесы берып мастатса,
атажуртту унуткан.
 
кайгы-муң
мончок-шуру көшөгөнүн алдында,
бир аруу кыз кабак салып олтурат,
муңга батып көз жаштары төгүлүп,
быле албадым кымге мынча кайгырат.
 
шамал
жалбыракты сапырган,
гүлдү үйлөп ачылткан,
көлдү толкуп ташыткан,
камыштарды кыйшайткан,
шамал болом ышкырган.
 
гуан шу
тон жамынып гүлгө оронуп куш көтөрүп,
көйрөңдөнгөн сөөлөтүң елге жакпады,
былбейсың сен егын егып жашаганды,
ал тургай үч падыша жеты атаңды①.
лиы байдын ырлары көбүнчө ханзуча 5 тамгадан туруп, кееде жеты муун
жеты тамгадан туруп, аксак уйкашка салынып, кыргыз вазны байкалып турат.
3.       
лиы байдын теңыртоо мотивы
улуу акын лиы бай теңыртоодо туулуп-өсүп, теңыртоонун таза абасынан дем
алып чоңойгондуктан, кындык кесып кыр жууган касыйеттүү теңыртоого өзүнчө
меер-макабат байлаган, басса-турса туулган жеры -- ыйык теңыртоо есынен чыкпай,
айрыкча шарап ичып шаабайы кызып шыгы келген кезде, чалкыган чабыты көкүрөгүн жарып чыгып,
күргүштөтүп төгүп же колуна кыл калем алып оңго-солго кайрап, теңыртоонун
кайталангыс касыйеты менен жарык айына болгон кусалыгы оргуштап, “ай жарыгы
теңыртоодо” деп жалпыга жар салып, туулган жерыне болгон чексыз
сагынычын туйунткан. атактуу акындын төмөндөгү ыр саптарына саресеп салып
көрөтурган болсок, акындын теңыртоонун жарык айына, туулган жерыне болгон
сүйүүсүнүн канчалык терең екенын даана байкай алабыз:
“关山月”    
明月出天山,

苍茫云海间。

“гуаншанйө”
теңыртоодо жарык ай,
сызат булут аралай.
 
“静夜思”   
窗前明月光,

疑是地上霜。     
举头望明月, 
低头思故乡。

                 “түнкү сагыныч”
терезеден айдын нуру төгүлдү,
жер бетынде шүүдүрүмдөй көрүндү.
баш көтөрүп толгон айды караймын,
баш чөгөрүп атажуртту самаймын.
 
花间一壶酒,
独酌无相亲,
举杯邀明月,
对影成三人。
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:33 PM | учур # 7
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
гүл аралап бир кумура колумда,
жакыным жок өзүм жалгыз каргытам,
чөңкө сермеп толгон айды чакырып,
көлөкөбүз үч кышыге арбытам.
 
五月天山雪,          
无花只有寒。        
теңыртоодо бугу айында кар жатат,
чечек ачпай зыркаар гана каржалтат.
 
我寄愁心与明月,
随风直到夜郎系。
кам-кайгымды толгон айга тапшырдым,
шамал еерчып батыш көздөй тап жылдым①.
 
түндүк жакта ② күзгү шамал шуулдайт,
ак шумкарын хулар② көккө сермеды.
көк асманда жалгыз аппак буладай,
кайкып учуп кайран бүркүт кетты емы,
жүз чакырым алыс учуп баратса,
ак саңоору карегымден кетпеды.
   
    
демек, жогорудагы беш шыңгыл ыр улуу акын лиы байдын теңыртоону дайыма
медер тутканын, туулган жерыне – теңыртоого, теңыртоонун толгон айына деген
толуп-ташкан күчтүү кусалыгын, өткүр сүйүүсүн толук чагылдырып берет. айтпасада
улуу лиы бай касыйеттүү теңыртоону өзүнүн раханый тайанычы катары кай жерде болсода карманып
келген.
дагы биры, теңыртоо мотывынен башка лиы байдын “толгон ай” мотивы да
өзгөчө болуп, теңыртоо менен теңыртоонун толгон айы лиы байдын жашоосунун
орчундуу түзүүчү бөлүгү болгон, акын бул екөөнө өмүр бойу өзгөчө мааниы берген,
толгон айдын бүт ааламды жарыткан бөтөнчө касыйеты менен теңыртоонун асман
тыреген быйык чокулары лиы байга бөтөнчө күч-кубат ыроологон. тек бул гана
емес, лиы байдын көпчүлүк ырларында теңыртоонун жарык айы, толгон айына болгон
кусалык, санаркоо, жат жердегы жалгыздык, каңгыраган карыптык жөнүндө
дагыда көп саптарды окуса болот.
ал емы, лиы байдын бир баласынын аты “бөрү” (颇黎؛ 玻璃) болсо,
дагы бир баласынын аты “барчын” (伯禽) болгон, а кызынын аты “толгонай” (明月奴) болгон. биз
мындан улуу лиы байдын касыйеттүү теңыртоого, теңыртоодогу  көөдөнү көлбүгөн көчмөн елдын турмушуна,
маданийатына канчалык канык екенын, көкжал бөрүгө табынып, ит агытып, куш
салууга канчалык куштар екенын, теңыртоо менен теңыртоонун толгон айын канчалык
кастарлаганын даана көрүп алалабыз. 2004-жылы апрелде чаңжйаң адабийат-көркөм
өнөр басмасы жагынан басылып чыккан «бөрү тотемы» аттуу кытепте аптор таанымал тарыхчы мың чыбый
мырзанын «жайлоо маданийаты жана адамзат тарыхы» аттуу кытебынен сытат алып
көрсөтүлүшүнчө, ли байдын канында түрк каны болгон, көзүндө түрктөрдүн көзүнүн
өзгөчөлүгү болгон . демек, лиы байдын ычкы жандүйнөсүндө
гана емес, анын тышкы өң-келбетынде да байыркы теңыртоолуктардын белгылеры
айкын билынып турган. тарыхы даректер бойунча, жогоруда айтылгандай лиы байдын
тышкы келбеты бөтөнчө болуп, кыргыздардай көкүл койуп чоңоёт, ойлоңкосу да орто
түздүктөгүлөрдөн бөлөкчө болуп, кыргызга окшоп асмандагы айды табакка
окшотот.
лиы бай быйык теңыртоо жергесынде туулуп өсүп, айтылуу акын болуп
жетышып чыккандыктан, агакошо теңыртоо хан тылынде “天山--теңырдын
тоосу” деп ыйык каралгандыктан, орто түздүктүктөр лиы байды “жерге кууп
жыберылген асман адамы” деп, ага олуйа катары сыйынышкан.
лиы бай теңыртоого деген кусалыгын басалбай 20  жашында дагы бир жолу теңыртоого кайрылып
келып, бир топ легендарлуу окуйаларды калтырат.
4.       
лиы байдын шарап жандуулугу
шарап ычүү - лиы байдын өмүрүнүн маанылүү бөлүгү болгон, ал шарапсыз
жашаган емес, шарап ычпесе шыгы келбей ыр чыгара албаган, дайыма кейып болуп ыр
жазгандыктан “кейып перыштесы” (醉仙) деген атка конгон. таң сулаласынын лиы бай менен түгөйлөш дагы бир
атактуу акыны улуу дуфу өзүнүн «ычкыч сегыз мас ыры» аттуу чыгармасында ли
байдын шарапкумарлыгы жөнүндө минтып жазганы бар:
杜甫:“饮中八仙歌”  
李白斗酒诗百篇,  
      
长安市上酒家眠。
дуфу: “ычкыч сегыз мас ыры”
лиы бай шарап алганда,
ырлары чууруйт жанада,
чаң-ан шаарын сайрандап,
уктайт шарапканада.
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:34 PM | учур # 8
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
шарап жөнүндө жазылган ырлар ли байдынырларында басымдуу орунду еелейт, бул еле емес лиы байдын адаттагы ырларын
окусак да андан арактын асыл жыты аңкып турат, аны окуган биз да арак ычкендей,
бозо ычкендей болуп деңгемас болобуз.
 
花间一壶酒,  
独酌无相亲,

举杯邀明月,
对影成三人。
гүл аралап бир кумура колумда,
жакыным жок өзүм жалгыз каргытам,
чөңкө сермеп толгон айды чакырып,
көлөкөбүз үч кышыге арбытам.
 
“将进酒”  
“шарап каргытуу”
 
钟楼馔玉不足贵,
但愿长醉不复醒.
доолбастуу ырабатта акак болсо емыне,
узунгача мас болуп келбей койсом есыме.
 
享羊宰牛且为乐,
会须一饮三百杯。
уй-кой сойсо кубанба,
чылашкыча шарап ич.
 
五花马、千金裘,
呼尔将出换美酒,
与尔同销万古愁。
ала кунан алып келсең да,
суусардан мыңдеп берсең да,
теңышем баарын шарапка,
калбаймын түмөн азапка.
 
人生达命岂暇愁,
且饮美酒登高楼。
бул жашоодо тагдырыңа кайгырбай,
шарап ичып туучокуга чыккының.
 
君爱身后名,
我爱眼前酒。
饮酒眼前乐,
虚名何处有。
падышалар кыйынкы,
атак-даңкын ойлошот,
мен алдымда койкойгон,
бир шарапты ойлоймун.
шарап ичып куунасам,
атакты ойлоп койбоймун.
 
感之欲叹息,
对酒还自倾。
дегдегенде улутунам,
шарап көздөй умтулам.
 
划却君山好,
平铺湘水流。
巴陵无限酒,
醉杀洞庭秋。
баашаларга тоо жакшы,
букарага суу жакты.
тартып чексыз шарапты,
мертынгенде кан акты.
 
醉来卧山空,
天地即今枕。
кейып болуп тоону төшөп кынтайып,
жастанамын асман менен жерыңды.
 
我醉欲眼卿且去,
明朝有意抱琴来。
кейып болуп вазырлерге баргым келет,
ертесынде саз кучактап чалгым келет.
 
 
寒夜客来茶当酒      
суук түндө конок келсе,
шарап
бербей чай бергын①.
 
улуу лиы бай орто азыйада, теңыртоо етегынде көчмөнчүлүк турмушта туулуп
өсүп, бозо-жарма ичып чоңойгондуктан, табийатынан ачкыл-кычкылга ынак келып,
шараптын кенчы болгон орто түздүккө барганда жаны жыргап түгү жата түшөт,
дегеле шарапсыз жашоо лиы бай үчүн жашоо болбой калгандай сезылет, агакошо ал
чаң-анда дайыма батыш чөлкөмдөн келген соодагерлер түшчү коноксарайларга барып,
алар менен таң ордосунун мода тилы есептелген түркү тылынде сүйлөшүп, шарап ичып
баарлашып, жарпын жазып жагалданып жүрөт. егер лиы бай шарап ычпесе
ушундай чалкыган сезымге кенелген, делебе козгоп дегдеткен ыр саптары балкым
жаралбас еле деп тыйанак чыгарууга да мажбур болосуң. демек, акын лиы байды
шарапсыз елестетүү мүмкүн емес, дал ушундай шарап ичып деңгемас абалында ыр
жазганы үчүн кана елден ерекче, лырыкалуу да емоссыйалуу өлбөс ырларды жарата
алды десек аша чапкандык болбойт.
менын баамымча, көчмөн елдердын, асыресе азыркы
кыргыз акындарынын 80 пайызы улуу лиы байчасынан кейып болуп ыр жазат ары жазып
келген деп ойлойм, балкым мындан кыйын да жаза берет. жуңго кыргыз акындарынан
мындайлар ондоп табылат, мындайлардан көп еле мисал келтырүүгө болот. алсак, турганбай кылычбек,
сейпыдын кылычбек, нурмамбет сасыков, бекы шаадат, курман бегымбай, ысмайыл
мамбетакун, жеңыш ибрай, бурканбек качыбай, жаанбай асаналы, токтонур абдылда,
тылебалды кармышак, маркан... сыйактууларды؛ а кыргызыстанда болсо биз былгенден атактуу акын рамыс
рыскуловду арак ичып ыр жазган акындардын тыпык мисалы дешке болот. булардын
ырлары лиы байдыкындай чалкыган сезымге кенелып, ырларынан арак жыты аңкып
турат. демек, мындан асман тыреген ак карлуу ак баш тоолор, ак кашка тоо суусунун албуут шарлары, ачык
асманга асылып турган балкыган толгон ай, тоонун атыр жыттанган тунук абасы,
адепкы ачкыл-кычкылдар гана ушундай сезымтал улуу акындарды жаратат дегенден
башка тыйанак чыгара албайсың.
 
kasabaжөнөткөн маалы: чөйрө, 2014-01-15, 11:35 PM | учур # 9
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
дагы бири,  ли байдын ырларындакой, уй, жылкы, суусар сыйактуу тоо жаныбарлары, алардын етын жеп ыр жазуудай
мотывдер дайыма учурайт. бул да болсо отурукташкан дыйканчылык маданийатына төп
келбеген, андан алыс калган көрүнүштөр болуп, андан айрымаланып лиы байдын
ырларынан көрөңгөлүү көчмөн маданийаттын ыздеры даана байкалып, жагалданган
жайлоо маданийатынын жыты чыгып турат.
5. теңыртоонун кулуну
учурда уйгур, казак сыйактуу боордош улуттар улуу лиы байды өздөрүнө
баалаганга умтулуп, ар түрдүү аракеттерды жасап жүрүшөт. айтмакчы, лиы байдын
азыркы кыргыз жерынде--токмокто төрөлгөнү көптөгөн ыйгылыктүү ызылдөөлөр
аркылуу тее 70-жылдарда еле го моро баштаган аттуу-баштуу
аксакал илымпоздор жагынан такталып, ушул тапта жуңгодо мамлекеттык лиы бай
таануу саласында жалпы бырдей мойундаган талашсыз чындыкка айланды. тек
етныкалык жана сайасый-економыкалык максаттарга пайдалануу үчүн гана болбосо,
жалаң илмый тургудан алганда, муну балкым ечкым өзгөртө албайт болуш керек.
айтор, ушундай дүйнөлүк мааныдегы алп акындын кадымкы кыргыздар менен
түздөн-түз байланышып калганы, бул биздын ооматыбыз ары сыймыгыбыз, аны улуттук
роханый баалуулуктарыбызга айлантууга толук мүмкүмчүлүктөр толук бар екенын
аңдап-былүүгө убакыт жетты көрүнөт.
лиы байдын баалуулуктары өз кезынде илымпоз прызыдент аскар акайевдын
көтөрүп чыгышы менен кыргызыстанда алгачкы көшөгөсүн ачып, ушул тапта кыргыз
мамлекетынде лиы бай таануу илым саласында улумдан-улам алдынкы пыланга чыгып,
акырындап болсода бара-бара жалпы елдык аң-сезымге айланууга карай бет алууда. демек, лиы байдан
пайдаланып маданийат бырентын жаратып, економыканы алга жылдыруу —
кыргызыстандын учурдагы ургаалдуу жумуштарынын биры болуп калды. лиы байдын
кыргызча толук жыйнагын чыгаруу, токмок шаарындагы байыркы суйап
каласынын тоомунда лиы байдын музейын ачуу, айкелын катыруу, ошол аркылуу
көптөгөн кыргызыстандык жана чет өлкөлүк сайакатчыларды, асыресе жуңголук
турыстерды ал жерге елыктырып, ошол аркылуу бир жагынан улуттук маданийатты
үгүттөп, бир жагынан економыканы көтөрүп, екы өнүмгө тең кол жеткырүү — ушул тапта
кыргызыстандын кылууга тыйыштүү иры ыштерынын биры болууда.
учурда жуңгодо аркайсы дубандар лиы байды талашып, андан пайдаланып
маданий-економыкалык пайдага ее болобуз деп кызыл кыргынга түшүп жатышат, бирок
аны аалымдардын көбү кыргызыстанга енчылеп берсе да, аларда кайдыгерлык,
камаарабастык, ыкшоолук өкүм сүрүүдө, тактап айтканда лиы бай кыргызыстанда
алиы жалпы елдык таанымга айланалбай жатат.
буйруса, кыргыздарда лиы бай кызуулугу козголуп, алп акынды ансайын
тереңдеп ызылдесек, тыйыштүү натыйжаларга жетышып, дагыда көптөгөн табылгаларга
ее болорубузда шек жок.
 
      
эскерте кетер бир жайыт : өзүбүзгө өзүбүз ээ болууну билип алалы
ааламдык кыргыз Элим !
 
                                 касаба тор
жайытынан алынды
 
талкуу » Кыргызым - менин жүрөгүм » Ардагерлер Ааламы » ыр атасы ли бай (байыркы кыргыздын кыйын уулу)
Страница 1 из 11
Поиск:

жайыт кожоюну


点击这里给我发消息

TEL : 18997860235 , 18299570245

E-mail :
charshen.kasaba@gmail.com
kasaba@sohu.com
kasaba007@sina.com

ыр койгуч
жайытка баа берүү
добуш берүүгө кандайсыз ?
жалпы берилген добуш: 81
менин конокторум
free counters
досторум
.
Манас текчеси
Кененим Бөлүгүнөн Үзүндү

э.......э.......э......э........эй
айтайын баатыр Манасты ,
арбактары колдосо ,
айтканым жалган болбосо.
жарымы төгүн , жарымы чын ,
жарандардын көөнү үчүн .
күрпүлдөтүп ырдасак ,
көпчүлүктүн көөнү ток .
..........................................
энеси суу кыргыздын !
атасы тоо кыргыздын !
көрдүңбү сөздүн уңгусун !
ала тоо бойлоп көчкөн журт ,
аркайган тоодо өскөн журт ,
кирин карда жууган журт ,
киндигин музда кескен журт ,
заңкайган нечен тоо менен ,
салгылашып келген журт ,
ак элечек арсак тоо ,
жалтырак муз , аппак кар ,
жамбаштап жатып көнгөн журт ,
малын карга жайган журт ,
кыргыз деген неткен журт ?
мөңгүнүн суусун ичкен журт ,
күрпүлдөп аккан сууларды ,
күн емес түндө кечкен журт !
таш жазданып көнгөн журт ,
талашып салкын шамалды ,
булут менен келген журт ,
булуттуу тоонун ичынде ,
тоодо өнүп өскөн журт ,
кыдырып тоону жүрөт деп ,
< кыркез>атка конгон журт ,
<кыркез>ды элдер айталбай ,
Кыргыз атка өткөн журт ,
............................................
э.....э.....э....э......эй
............................................

( Жүсүп Мамай варыянтынан алынды )
түшүм сатып алуу
жайыт телеси
кыргыз жайыттар
кыргыз конуштар
кыргызыстан
башка жайыттар