Айтматов кыргыз элинин сыймыгы !
 
 

Айтматов менен маек

 
 
 
 
Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович
 
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) - кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры .
 
Өмүр баяны
 
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.
Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды.
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.
Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.
 
 
Чыгармачылыгы

  Айтматов адабиятты бала чагынан сүйгөн, ал эми студенттик күндөрүндө адабиатка болгон кызыкчылыгы ого бетер арта баштайт. Мына шондой күндөрдүн биринде Айтматов орус адабияты менен аябай достошот. Ал орус жазуучуларынын "Полктун уулу" ("Сын полка") жана "Ак кайың" ("Белая берёза") деген чыгармаларын басмакана менен макулдашпай туруп, кыргыз тилине которот. Бирок бул чыгармалар эчак эле которулуп калгандыктан Айтматовдун котормолору жарык көрбөй калат. Бирок ал өзүнүн жазуучулук ишин ошол повесттерди которуу менен баштадым деп эсептейт. Студент кезинде гезиттерге өзүнүн чакан макалаларын, очерктерин жарыялап жүрөт.
Окуусун аяктагандан кийин (1953) Айтматов зоотехник болуп иштейт. Мына ошол кезде ал өз чыгармаларын жаза баштайт.
Ал 1956-жылы Москвадагы Жогорку адабий курстарды окууга жөнөйт. Ал жерден Айтматов дүйнөлүк адабияттын "тишин чагып", кенин казат.
"Москвадагы эки жылдык окуу мага, мурунку зоотехникке, көптөгөн жакшы нерселерди алып келди. Теориялык жактан эле эмес, ошондой эле практикалык жактан - биздин семинарлар Жогорку курстардагы талкуулар мен үчүн абдан жакшы чыгармачыл мектеп болуп берди", -дейт Айтматов.
Ошентип, курстарды аяктагандан кийин "Адабий Кыргызстан" журналынын редактору болуп иштеп калат. Андан кийин беш жылдай "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп иштейт. Бул дагы жазуучунун чыгармачыл талантын байытууга чоң түрткү берет. 
 
 Эс тутум

2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду.
Анын ачылыш аземине Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган өлкө жетекчилери, Орусиянын президентининин администрациясынын жетекчиси Сергей Нарышкин, элчилер, коомчулук өкүлдөрү катышты.
Колодон жасалган, бийиктиги 3 метр болгон айкел Орусияда жасалган.
 
Чыгармалары
 
1952 - "Гезитчик Дзюйо" (аңгеме), "Мы идём дальше" (аңгеме) 1953 - "Сыпайчы" (аңгеме) 1954 - "Ак жаан" (аңгеме), "На богаре" (аңгеме) 1955 - "Асман көпүрө" (аңгеме), "Түнкү сугат" (аңгеме) 1956 - "Трудная переправа" (аңгеме) 1957 - "Бетме-бет" (повесть) 1958 - "Жамиля" (повесть), "Лицом к лицу" ("Бетме-бет" повестинин котормосу), "Соперники" (аңгеме) 1961 - "Верблюжий глаз" (аңгеме), "Тополёк мой в красной косынке" (повесть), "Биринчи мугалим" (повесть) 1962 - "Первый учитель" ("Биринчи мугалим" повестинин котормосу) 1963 - "Саманчынын жолу" (повесть), "Повести гор и степей" ("Тополёк мой в красной косынке", "Жамиля", "Первый учитель", "Верблюжий глаз" повесттери кирет), "Материнское поле ("Саманчынын жолу" повестинин котормосу) 1964 - "Красное яблоко" (аңгеме) 1966 - "Прощай, Гульсары" (повесть) 1968 - "Атадан калган туяк" (аңгеме), "Жаныбарым Гүлсары" ("Прощай, Гүлсары" повестинин котормосу) 1970 - "Белый пароход" (повесть) 1972 - "Солдатёнок" ("Атадан калган туяк" аңгемесинин котормосу), "Свидание" (аңгеме) 1973 - "Фудзиямадагы кадыр түн" (пьеса) 1975 - "Ранние журавли" (повесть), "Манас атанын ак кар, көк музу" (очерк) 1977 - "Пегий пёс, бегущий краем моря" (повесть) 1980 - "Кылым карытар бир күн" (роман) 1986 - "Плаха" (роман) 1996 - "Кассандранын эн тамгасы" (роман) 1998 - "Встреча с одним бахаи" (Фейзолла Намдар менен болгон сүйлөшүү) 2006 - "Тоолор кулаганда" (роман) .
 
 Сыйлыктары
 
1958 - "Эмгектеги артыкчылыгы" медалы менен сыйланган. 1962 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1963 - "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. 1967 - "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1968 (август айында)- Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген. 1968 (ноябрь айында) - "Жаныбарым, Гүлсары" повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. 1971 - Ленин ордени менен сыйланган. 1974 - Н.К.Крупская атындагы медаль менен сыйланган. 1975 - "Манас атанын ак кар,көк музу" очерки үчүн "Огонек" журналынын сыйлыгы ыйгарылган. 1976 - "Эрте келген турналар" аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 1977 - "Ак кеме" повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. 1978 - Ленин ордени жана "Орок жана Балка" алтын медалы менен сыйланган; Социалисттик эмгектин Баатыры" деген * наам ыйгарылган. 1979 - "Эрте келген турналар" жана "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан. 1980 - Италияда "Эрте келген турналар" жана "Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт" чыгармалары үчүн эл аралык "Этрурия" сыйлыгы тапшырылган. 1983 - "Кылым карытар бир күн" романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган. 1984 - "Элдердин достугу" ордени менен сыйланган. 1987 (май айында) - Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган "Жылмаюу" ордени ыйгарылган.
 
Чыгармалары тууралуу 
 
Ак жаан

Бул аңгеме Ч. Айтматовдун адабият дүйнөсүнө жаңыдан аяк салып, өз жолун, өз темасын издеп жүргөн жылдардагы алгачкы аңгемелеринен. Буга чейин орусча "Кыргызстан" альмонахына(Номер2) эки аңгемеси: "Газетчик Дзюйо" жана "Ашым" 1952-жылы жарыяланган. "Ак жаан" адегенде "Советтик Кыргызстан" журналына (азыркы "Ала-Тоо" журналы) 1954-жылкы сегизинчи санына басылган. Туура беш жыл өткөндөн кийин Айтматовдун алгачкы кыргызча китеби "Обонго" {Фрунзе, Кыргызмамбас,1959}, андан кийин "Саманчы жолу" жыйнагына кирген {Фрунзе, Кыргызмамбас,1963} .
 
Айтматовду эскерүү

Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан.[1]
Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Асанбекова Айым Талгатбековна "Жылдыз өчпөйт" эскерүү ырын жазган. 2009-жыл.
2011 жылы 30 августта Кыргызстандын борбор шаарында Ала-Тоо аянтта эл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. 
жайыт кожоюну


点击这里给我发消息

TEL : 18997860235 , 18299570245

E-mail :
charshen.kasaba@gmail.com
kasaba@sohu.com
kasaba007@sina.com

ыр койгуч
жайытка баа берүү
добуш берүүгө кандайсыз ?
жалпы берилген добуш: 86
менин конокторум

учурда барлар : 1
жолоочу : 1
мүчө: 0
free counters
досторум
.
Манас текчеси
Кененим Бөлүгүнөн Үзүндү

э.......э.......э......э........эй
айтайын баатыр Манасты ,
арбактары колдосо ,
айтканым жалган болбосо.
жарымы төгүн , жарымы чын ,
жарандардын көөнү үчүн .
күрпүлдөтүп ырдасак ,
көпчүлүктүн көөнү ток .
..........................................
энеси суу кыргыздын !
атасы тоо кыргыздын !
көрдүңбү сөздүн уңгусун !
ала тоо бойлоп көчкөн журт ,
аркайган тоодо өскөн журт ,
кирин карда жууган журт ,
киндигин музда кескен журт ,
заңкайган нечен тоо менен ,
салгылашып келген журт ,
ак элечек арсак тоо ,
жалтырак муз , аппак кар ,
жамбаштап жатып көнгөн журт ,
малын карга жайган журт ,
кыргыз деген неткен журт ?
мөңгүнүн суусун ичкен журт ,
күрпүлдөп аккан сууларды ,
күн емес түндө кечкен журт !
таш жазданып көнгөн журт ,
талашып салкын шамалды ,
булут менен келген журт ,
булуттуу тоонун ичынде ,
тоодо өнүп өскөн журт ,
кыдырып тоону жүрөт деп ,
< кыркез>атка конгон журт ,
<кыркез>ды элдер айталбай ,
Кыргыз атка өткөн журт ,
............................................
э.....э.....э....э......эй
............................................

( Жүсүп Мамай варыянтынан алынды )
түшүм сатып алуу
жайыт телеси
кыргыз жайыттар
кыргыз конуштар
кыргызыстан
башка жайыттар