башкы бет » макала » манас эпосу жана изденүү

айдардагы түрлөр: 4
көрүнмө материял: 1-4

тартип менен: маалы · аты · даражасын баалоо · сын · көйгөйлүү сүрөт
    

манас эпосу жана изденүү | көрүлүшү: 2950 | жөнөтүүчү: kasaba | жөнөткөн маалы: 2012-08-07 | сын (0)

 
 
   
манас эпосу жана изденүү | көрүлүшү: 2106 | жөнөтүүчү: kasaba | жөнөткөн маалы: 2012-07-22 | сын (0)

  атактуу «Манас» жыйноочу Балбай Мамай уулу

    көрүнүктүү эл ооз адабият өнөрпозу ,атактуу <Манас> жыйноочу Балбай Мамай уулу 1896 - жылы азыркы Акчий ооданы карабулак айылында дүйнөгө келген . балалык кезынен баштап еле молдодо арналуу окуп , динный кат - сабатын чыгарып еле калбай , орто Асыя адабийаты менен кеңири таанышып , айланасындагы « ак жакалуу » билимдүү адамдардын катарынан орун алган . Балбайдын кыргыз эл ооз адабиятына сиңирген орошон эмгеги « Манас » эпосу баштаган кыргыз дастандарын системалуу түрдө жыйнап , иреттеп , иниси Жүсүп Мамайга үйрөткөндүгүндө болуп саналат . ал тек гана « Манас » эпосунун сегиз бөлүмүн 17 жылга жакын изиктеп , жыйнап кагазга түшүргөн .
   20 - кылымдын башкы жылдарында жуңго кыргыздарынын маданийаты аркада , көчмөндүк турмушка байралып , тышкы дүйнө менен болгон байланышы өтө тыгыз болбой , алыскы тоо кыркаларында жашашкан . жаңыча агартуу , адабий кыймыл анча жалпылашбаган эле , ушундай учурда Балбайдын эч кандай уюмдун уюштуруусуз , эрктүү түрдө ортого чыгып , өз алдынча « Манас » эпосун жыйноого кырышүүсү ашкан акылмандык  алга басарлык эле .
    1916 - жылы Россиянын чапкынчылыгына каршы көтөрүлүш жасаган алатоолук кыргыздар жүз миңдеп түндүк жана түштүк Шинжаңга ооп келишет . бул калың топ менен бирге келген атактуу манасчылар , элдик өнөрпоздор теңиртоо кыргыздары менен камыр-жумур болуп , манасчылары мараке - тойлордо « манаас » айтып басакелешип , элди шаңга бөлөгөн жана өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн . Балбай мындай кезметти колдон бербей , түрдүүчө жол менен ар кимдин оозунан ар түрдүү ыкмадагы эпостук матерыялдарды жыйноого киришкен . ошентип ал Сагынбай , Жүсүбакун , Тыныбек , Ыбырайым , Шапак , Чойуке , Таабалды сыяктуу чоң манасчылардын мурастарын төтөлөй жана кыйыр түрдө жыйнап , ырааттуу кагазга түшүргөн . нечендеген матерыялдарды акча , мал карыштап сатып алган .  Балбай 20 - кылымдын баштарында теңыртоо Кыргыздары арасында алгачкылардан болуп өз эркы менен , өз кызыгуусу менен санаалуу түрдө кыргыз элинин улуу эпосу « манас » ты жыйноого бет алып , таң каларлуу натынжага кол жеткирген . ал ара- чолодо токтоп калбай , кашым - кабагым дебей , өзүнүн баштаган ыйык ишин уландырып , « манас » тын түрдүү варыянттарын жыйнап бириктирип , сегиз бөлүмдөн турган эпос пирамидасынын тиктелишине төтөлөй эмгек сиңирген . ал эпостун түрдүү варыянттарын жыйнап , ирееттеп , кириштирип эле калбай , Ыбырайым өңдүү манасчылардын кара сөз менен айткан бөлүктөрүн ырга айландырган . демек , Балбай жалаң эле « манас » жыйноочу болуп калбай , « манас » ка өзүнүн талантын , акындык эмгегин сиңирген өнөрпоз болгон .    
    изилдөөлөргө караганда ,Балбай кол жазмага түшүргөн сегиз бөлүмдү " манас " тын алдынкы үч бөлүмү Жусубакундун , кийинки беш бөлүгү Ыбырайымдын айтуусун негиз кылган екен . Ыбырайым беш бөлүмдү карасөз жана ырды аралаштырып айткан . аларды Балбай ырлаштырган . андан башка 19 - кылымда өткөн манасчы Тыныбек айткан " Семетей " менен Жүсүбакун айткан " семетей" дин айрым бөлүктөрүн бир-бырине улаган . 
   Балбай " манас " эпосун өз системасы боюнча кириштирип чыккандан кийин бул материялдары Жүсүп Мамайга жаттаткан . байыртан бери оозекы түрдө тарап , чачылып , арбып отурган бул эпосту ырааттуу түрдө кагазга түшүрүү , чогултуу канчалык зарыл болсо , аны кайтадан оозеки жаттатуу ансайын маанилүү эле . кайта-кайта жатка айтуу кыргыз эпосуна жаңы кан берген менен барабар еле . болуп да басма иштери өнүкбөгөн , кол жазманы сактап калуунун мүлдө мүмкүндүгү түзүлбөгөн доордо " манас " эпосун жатка алуунун өзүнчө тарыхый маңызы бар эле .
   кыргыз адабиятына , маданиятына сиңирген дилгир эмгегинен , аракеттеринен коодуланган Шың өкүмөтү Балбайды түрмөгө солоп , ал жыйнаган матерыялдары талоорунга алганда Балбайдын узун жылдык эмгек мөмөсү Жүсүп Мамайдын көкүрөгүндө сакталып калган . жазмаларды жоготколу , көз жаздым кылгалы болсода , көкүрөктө сакталып калган мурасты өчүрүү мүмкүн эмес экен .
    Балбайдын эл ооз адабиятына , " манас " эпосуна каныккан устаттыгы натыйжасында эрыкбей-зерыкбей катаң талап коюп Жүсүп Мамайды тарбиялаган адал тер акынан улам Жүсүп Мамай доор аттаган , кылым карыткан улуу манасчы болуп жетилип чыккан . Жүсүп Мамай болбогон болсо , сегиз урпактын жомогун камтыган океяндай мурас бизге жетбеген болоор эле . Балбай Жүсүп Мамайга эпостун өзүн жаттатып эле калбай , эпос айтуудагы түрдүү ыкмаларды , чебердиктерди , обон , кыймыл бириккен бир катар баяндоо адистерин үйрөткөн .
    Балбай " манас " эпосунан башка кыргыздын көптөгөн дастандарын да жыйнаган . 1937 - жылы Балбай учтурпандагы кыргыз агартуу маданият уюшмасында актиптүү иштеп жаткан жеринде Шың өкүмөтүнүн адамдары тарабынан түрмөгө солонуп , ошол бойдон из-дареги болбой калган . үч жылдан кийин анан айылына казаа болгондугу жөнүндө кабар келген . 
    < " манас" эпосунун варыйанттары жана манасчылык > деген китептен алынды (мамбеттурду мамбетакун уулу) 
манас эпосу жана изденүү | көрүлүшү: 3217 | жөнөтүүчү: kasaba | жөнөткөн маалы: 2012-07-21 | сын (0)

манас эпосу жана изденүү | көрүлүшү: 15039 | жөнөтүүчү: kasaba | жөнөткөн маалы: 2012-07-13 | сын (2)

жайыт кожоюну


点击这里给我发消息

TEL : 18997860235 , 18299570245

E-mail :
charshen.kasaba@gmail.com
kasaba@sohu.com
kasaba007@sina.com

ыр койгуч
жайытка баа берүү
добуш берүүгө кандайсыз ?
жалпы берилген добуш: 86
менин конокторум

учурда барлар : 1
жолоочу : 1
мүчө: 0
free counters
досторум
.
Манас текчеси
Кененим Бөлүгүнөн Үзүндү

э.......э.......э......э........эй
айтайын баатыр Манасты ,
арбактары колдосо ,
айтканым жалган болбосо.
жарымы төгүн , жарымы чын ,
жарандардын көөнү үчүн .
күрпүлдөтүп ырдасак ,
көпчүлүктүн көөнү ток .
..........................................
энеси суу кыргыздын !
атасы тоо кыргыздын !
көрдүңбү сөздүн уңгусун !
ала тоо бойлоп көчкөн журт ,
аркайган тоодо өскөн журт ,
кирин карда жууган журт ,
киндигин музда кескен журт ,
заңкайган нечен тоо менен ,
салгылашып келген журт ,
ак элечек арсак тоо ,
жалтырак муз , аппак кар ,
жамбаштап жатып көнгөн журт ,
малын карга жайган журт ,
кыргыз деген неткен журт ?
мөңгүнүн суусун ичкен журт ,
күрпүлдөп аккан сууларды ,
күн емес түндө кечкен журт !
таш жазданып көнгөн журт ,
талашып салкын шамалды ,
булут менен келген журт ,
булуттуу тоонун ичынде ,
тоодо өнүп өскөн журт ,
кыдырып тоону жүрөт деп ,
< кыркез>атка конгон журт ,
<кыркез>ды элдер айталбай ,
Кыргыз атка өткөн журт ,
............................................
э.....э.....э....э......эй
............................................

( Жүсүп Мамай варыянтынан алынды )
түшүм сатып алуу
жайыт телеси
кыргыз жайыттар
кыргыз конуштар
кыргызыстан
башка жайыттар