[ жаңы кат куржун · катышуучу · талкуу эрежеси · тинтүү · RSS ]
  • Страница 1 из 1
  • 1
талкуу » Кыргызым - менин жүрөгүм » элдик казына аянтчасы » Комуз күүсү (Комуз күүсү)
Комуз күүсү
kasabaжөнөткөн маалы: ишемби, 2012-07-14, 2:21 PM | учур # 1
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген

Комуз күүсү.
Комуз – элдеги эң көрүнүкүтүү жана сүйкүмдүү музыкалык аспаптардын бири болуп келген. Илгерки замандарда комуз үнү ар бир кыргыздын боз үйүндө жаңырып турчу, ал эми ХХ к. ал чоң концерттик сахнага чыккан. Комуздун жардамы менен аткарылуучу күү озунун маанисинин байлыгы, жанрдык – тематикалык жана ритмдик өзгөчөлүгү менен укан көргөндөрдү кызыктырат. Ал гана эмес, бул комуз кылынан чыккан кереметүү, таңшандыруучу үн изилдөөчүлөргө да абдан кызыктуу. Комуз күүсү өзүнүн чертилишинин ыгы, ылдамдыгы, сол колунун жайгашкандыгына жана аспаптын толгонушуна, оң колдун жардамы менен комуз кылдарынан үндүн чыгарышы боюнча башкача айтканда ойноо ыгына жана анын көркөм, терең маанисинин көптүгүнө жараша обон күүлөр, айтым күүлөр жана залкар күүлөр деп үч негизги топко бөлүнөт.

Обон күүлөрдүн негизинде өзүнүн аталышынан эле көрүнгөндөй эле элдик ырлардын обондору жатат. Алар өзүлөрүнүн көлөмү, формасы жана ойноо ыкмалары боюнча айырмаланат. Бул күүлөрдү комуз ойноо өнөрүн кичине билген адамдар да аткара алышат. Өзүнүн маани маңызына жараша алар эпикалык, лирикалык, трагедиялык, жашоо-турмуштук, патриоттук жана башка болуп бөлүнөт.

Өзүнүн формасы боюнча аспаптык миниатюра болгон, эпикалык күүлөр элде көбүрөөк таралган. Мында кыргыз музыкасыны эпоско болгон тартылуусу, сүйүүсү көрнөт. Албетте, манасчылардын өнөрү аспаптык жанрдын калыптанышына чоң түрткү болду. Комузчулар белгилүү эпикалык жана тарыхый ырлардын чертилишинде сюжетти, обонду өздөштүрүп, өркүндөтүп отуруп, жаңы «аспаптык эпостун» жаратуучулары болуп калышчу. Ал өзүнүн алгачкы абалынан чертилиши менен гана айырмаланбастан, анын эпостук каармандардын өз көзү менен сүрөттөлүшүнүн көлөмдүгү менен айырмаланат. Кыргыз комуз музыкасында эпос жана дастандын башкы каарманынын атын алган көптөгөн чыгармалар бар. Алардын ичинде: «Мендирман», «Солтон Сары», «Жаныш-Байыш», «Сарынжи-Бөкөй», «Курманбек», «Каныкейдин арманы», «Гүлкаакы», «Ак Бакай», «Кетбука».

Ырдык жанрдагы жашоо-турмуштук жана лирикалык маанидеги күү миниатюралар да кездешет. Көбүнчө махабатты, сулуулукту мактап, ырдаган чыгармалар айымдардан образдары жана аттары менен байланышкан. Мисалы: «Налима», «Батмакан», «Мистекан», «Сайракан» ж.б.

Көптөгөн лирикалык комуздук миниатюралар жашоо-турмуштун кырдаалдары жана табияттын образдары менен тыгыз байланышып, чырмалышкан. Муну «Керме тоо» чыгармасындагы менменсиген, улуу кыргыздын тоолор образынын мисалында көрсөк болот.

Айтым күүлөр – өзгөчө жана бай жанрдуу кыргыз музыкасынын тобунун бири. Бул топтун чыгармалары өзүнүн мазмууну жана өтө мыкты, кол ойнотуп чертүүсү менен айырмаланат. Күүлөргө чертилүүнүн темпераменттүүлүгү, комузчунун көркөм кыймыл аракеттери жана анын аспапты колдоно билүүсү таандык. Кээде комуз күүсү аткаруучунун түшүндүрмөсү, эпизоддук ырлар менен коштолот. Бул топко кирген чыгармалардын аткаруусун жөн Гана укпастан анны кунт коюп, көрүп туруш керек себеби угуп отурганда, күүнүн көркөм кээ бир жерлери байкалбай калышы мүмкүн. Мисалы бул топко: «Көйрөң күү», «Ак тамак, көк тамак», «Армандуу чымчык», Осмон жана Субан», «Сары барпы», «Ак куу»...
кошумча: 6047406.gif (13.2 Kb)
 
kasabaжөнөткөн маалы: ишемби, 2012-07-14, 2:22 PM | учур # 2
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
Мисалы алсак Айдаралы Бейшукуровдун аткаруусундагы көйрөң күү абдан ьат ылдамдыкта ойнолот, көбүнчө оң колдун чоң- чоң шилтемдери менен аткарылат. Ошондой эле бул күүнүн кээ бир жерлеринде «Мына, минтип!» деген үн коштоосу жана кол ойноп чертүүсү да байкалат, ал баш бармак, сөөмөй жана ортоңку манжалардын жардамы менен терилет. Бирок башкы рол бул жерде үн эмес комуз аткарат. Мындан тышкаары күү ортосунда комузчуну өзүнүн ак калпагын төбөсүнө коюп анны маңдайына, артка, кулак жакты көздөй колунун жардамы жок кыймылдатышы мүмкүн. Бул «Фокус» элдин күлкүсүн алып келет.

Залкар күүлөр өз өнүгүүсүн улуу комузчулардын салттык багыттагы өнөрүнөн алган. Бул топко кирүүчү күүлөрдүн түрлөрү: «Камбаркан», «Ботой», «Шыңгырама», «Кербез».

Алар илгерки убакыта эле пайда болушуп, жайылы таркалган. Комузчулар иш жүзүндө күүнү жаратуучусу жана анын аткарып, өз өнөрүнүн таратуучусу, атагын чыгаруучусу да болушат. Чыгармалар бир муундан экинчи муунга оозеки түрдө берилүүсүнүн натыйжасында аталышы бирдей бирок чертилиши айырмаланган б.а. варианттары пайда болгон.

«Күү башы камбаркан», - дегендей, Камбаркан эң илгерки күү болуп эсептелет. Комузчулардын өнөрүнүн өнүгүшүнүн натыйжасында, ал ар кандай аттардын астында аткарылган. «Камбаркан» ушунча элге таралгандыктан өзүн сыйлаган комузчу өзүн программасына бир же экини кошчу. Мисалы К. Орозов төрт «камбарканды» чертчү: «Эл камбаркан», «Терме камбаркан», «Колхоз камбаркан», «Сынган бугу камбаркан», ал эми М. Куренкеев «Күрөнкөйдүн камбарканын» аткарчу, А. Огонбаев болсо «Маш камбарканды» жана «Кирки камбарканды» аткарчу, А. Ошуров «Казак камбарканын», А. Тыныбеков «Алга бас, камбарканды», Б. Осмонов «Малчылар Камбарканын» жараткан. «Камбаркандын» негизги белгилери – анын жай ойнолушу, бош толгоосу, моюн күүсүнүн өзгөчөлүктөрү, обондун терең философиялык мааниси болуп эсептелет.

Ботойлор кыргыздардын аң-сезиминде ажырагыс эне менен баланын образы менен байланыштуу болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй ботойлор маани-маңызы боюнча ич-ара бири-биринен айырмаланышат. Мисалы кээ бири салыштырмалуу жай, жөнөкөй болот буга «Тилендини ботою», бешик ыры «Муратаалынын ботою», мүнөзү боюнча назик «Токтогулдун ботою», «Чоң ботой» дегендер кирет.

Ал эми башкалар абдан шаңдуу, ылдам, бат аткарылуучу «Муратаалынын Кичине ботою», «Айдайдын ботою», «Бокотөйдүн ботою», «Жумалак ботой», «Чаржайыт ботой», К. Орозовдун «Чоң ботою», Т. Сатылгановдун «Ботою» ж.б.

Кербез жанры кишинин мүнөзүн музыкада чагылдыруу аракетинде пайда болду десек болот. ХIХ – ХХ к. башында Т. Сатылгановдун жана башка элдик акын, комузчулардын чыгармачылыгында өзгөчө социалдык – саясий багыт алган.

Мындан твышкары дагы Толгоо жана кайрыктар болот бир анын көлөмдүүлүгүнүн натыйжасында изилдөөчүлөр булардын үстүндө иштөөдө.

Улуу Комузчулар.

Кыргызстанда бир нече регионалдык аткаруу мектептери калыптанды, ар бири өзүнүн стилдик өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. ХХ к. алар өздөрүнүн алдыңкы адамдары катары көрүнүктүү комузчуларды табышкан. Мисалы: Ыссыккөлдүн мектебинен Арстанбек, Муратаалы Куренкеев, Карамаолдо Орозовтор болгон алар өздөрүнүн чыгармаларында терең философиясы жана өзгөчө стили менен айырмаланат, Ош мектебинин алдыңкы комузчулары өздөрүнүн илгерки, архаикалык аткаруу салттарын бекем сактап кала алышкан. Бул мектептин көрүнүктүү Адамы болуп Ниязалы чыгат. Талас мектебинин аткаруучулары Токтогул, Атай мыкты чертүү шыгына, таң калтыраарлык оюнга жакын. Ал эми Нарын мектеби бардык мектептердин өнөрүнө шыктуу( Майлыбай, Кудайберген, Муса).

Ал эми төмөндө болсо ХVII – XIX к. көрүнүктүү ишмерлердин чыгармачылыгы Кыргыз музыка маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым болуп эсептелген инсандардын аттарын атап өтсөм: М. Жаманкараев, К. Белеков, А. Бейшукуров, Н. Борошев, Т. Сатылгнов, К. Орозов, Ы. Туманов, А. Огонбаев, Ш. Шеркулов, Н. Абдрахманов.
 
mederbekжөнөткөн маалы: жекшемби, 2012-07-15, 11:26 AM | учур # 3
мүчө
үйүрү: колдонуучу
учур: 1
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
ayabay kundu tema eken , synak katarynda joop jazyldy. cry
 
талкуу » Кыргызым - менин жүрөгүм » элдик казына аянтчасы » Комуз күүсү (Комуз күүсү)
  • Страница 1 из 1
  • 1
Поиск:

жайыт кожоюну


点击这里给我发消息

TEL : 18997860235 , 18299570245

E-mail :
charshen.kasaba@gmail.com
kasaba@sohu.com
kasaba007@sina.com

ыр койгуч
жайытка баа берүү
добуш берүүгө кандайсыз ?
жалпы берилген добуш: 86
менин конокторум
free counters
досторум
.
Манас текчеси
Кененим Бөлүгүнөн Үзүндү

э.......э.......э......э........эй
айтайын баатыр Манасты ,
арбактары колдосо ,
айтканым жалган болбосо.
жарымы төгүн , жарымы чын ,
жарандардын көөнү үчүн .
күрпүлдөтүп ырдасак ,
көпчүлүктүн көөнү ток .
..........................................
энеси суу кыргыздын !
атасы тоо кыргыздын !
көрдүңбү сөздүн уңгусун !
ала тоо бойлоп көчкөн журт ,
аркайган тоодо өскөн журт ,
кирин карда жууган журт ,
киндигин музда кескен журт ,
заңкайган нечен тоо менен ,
салгылашып келген журт ,
ак элечек арсак тоо ,
жалтырак муз , аппак кар ,
жамбаштап жатып көнгөн журт ,
малын карга жайган журт ,
кыргыз деген неткен журт ?
мөңгүнүн суусун ичкен журт ,
күрпүлдөп аккан сууларды ,
күн емес түндө кечкен журт !
таш жазданып көнгөн журт ,
талашып салкын шамалды ,
булут менен келген журт ,
булуттуу тоонун ичынде ,
тоодо өнүп өскөн журт ,
кыдырып тоону жүрөт деп ,
< кыркез>атка конгон журт ,
<кыркез>ды элдер айталбай ,
Кыргыз атка өткөн журт ,
............................................
э.....э.....э....э......эй
............................................

( Жүсүп Мамай варыянтынан алынды )
түшүм сатып алуу
жайыт телеси
кыргыз жайыттар
кыргыз конуштар
кыргызыстан
башка жайыттар