kasaba | жөнөткөн маалы: ишемби, 2012-07-21, 1:27 PM | учур # 1 |
маршал
үйүрү: Жетекчи
учур: 21
сыйлык түрү: 0
атак-даңк: 0
турпаты: чэгинген
| атактуу «Манас» жыйноочу Балбай Мамай уулу көрүнүктүү эл ооз адабият өнөрпозу ,атактуу <Манас> жыйноочу Балбай Мамай уулу 1896 - жылы азыркы Акчий ооданы карабулак айылында дүйнөгө келген . балалык кезынен баштап еле молдодо арналуу окуп , динный кат - сабатын чыгарып еле калбай , орто Асыя адабийаты менен кеңири таанышып , айланасындагы « ак жакалуу » билимдүү адамдардын катарынан орун алган . Балбайдын кыргыз эл ооз адабиятына сиңирген орошон эмгеги « Манас » эпосу баштаган кыргыз дастандарын системалуу түрдө жыйнап , иреттеп , иниси Жүсүп Мамайга үйрөткөндүгүндө болуп саналат . ал тек гана « Манас » эпосунун сегиз бөлүмүн 17 жылга жакын изиктеп , жыйнап кагазга түшүргөн . 20 - кылымдын башкы жылдарында жуңго кыргыздарынын маданийаты аркада , көчмөндүк турмушка байралып , тышкы дүйнө менен болгон байланышы өтө тыгыз болбой , алыскы тоо кыркаларында жашашкан . жаңыча агартуу , адабий кыймыл анча жалпылашбаган эле , ушундай учурда Балбайдын эч кандай уюмдун уюштуруусуз , эрктүү түрдө ортого чыгып , өз алдынча « Манас » эпосун жыйноого кырышүүсү ашкан акылмандык алга басарлык эле . 1916 - жылы Россиянын чапкынчылыгына каршы көтөрүлүш жасаган алатоолук кыргыздар жүз миңдеп түндүк жана түштүк Шинжаңга ооп келишет . бул калың топ менен бирге келген атактуу манасчылар , элдик өнөрпоздор теңиртоо кыргыздары менен камыр-жумур болуп , манасчылары мараке - тойлордо « манаас » айтып басакелешип , элди шаңга бөлөгөн жана өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн . Балбай мындай кезметти колдон бербей , түрдүүчө жол менен ар кимдин оозунан ар түрдүү ыкмадагы эпостук матерыялдарды жыйноого киришкен . ошентип ал Сагынбай , Жүсүбакун , Тыныбек , Ыбырайым , Шапак , Чойуке , Таабалды сыяктуу чоң манасчылардын мурастарын төтөлөй жана кыйыр түрдө жыйнап , ырааттуу кагазга түшүргөн . нечендеген матерыялдарды акча , мал карыштап сатып алган . Балбай 20 - кылымдын баштарында теңыртоо Кыргыздары арасында алгачкылардан болуп өз эркы менен , өз кызыгуусу менен санаалуу түрдө кыргыз элинин улуу эпосу « манас » ты жыйноого бет алып , таң каларлуу натынжага кол жеткирген . ал ара- чолодо токтоп калбай , кашым - кабагым дебей , өзүнүн баштаган ыйык ишин уландырып , « манас » тын түрдүү варыянттарын жыйнап бириктирип , сегиз бөлүмдөн турган эпос пирамидасынын тиктелишине төтөлөй эмгек сиңирген . ал эпостун түрдүү варыянттарын жыйнап , ирееттеп , кириштирип эле калбай , Ыбырайым өңдүү манасчылардын кара сөз менен айткан бөлүктөрүн ырга айландырган . демек , Балбай жалаң эле « манас » жыйноочу болуп калбай , « манас » ка өзүнүн талантын , акындык эмгегин сиңирген өнөрпоз болгон . изилдөөлөргө караганда ,Балбай кол жазмага түшүргөн сегиз бөлүмдү " манас " тын алдынкы үч бөлүмү Жусубакундун , кийинки беш бөлүгү Ыбырайымдын айтуусун негиз кылган екен . Ыбырайым беш бөлүмдү карасөз жана ырды аралаштырып айткан . аларды Балбай ырлаштырган . андан башка 19 - кылымда өткөн манасчы Тыныбек айткан " Семетей " менен Жүсүбакун айткан " семетей" дин айрым бөлүктөрүн бир-бырине улаган . Балбай " манас " эпосун өз системасы боюнча кириштирип чыккандан кийин бул материялдары Жүсүп Мамайга жаттаткан . байыртан бери оозекы түрдө тарап , чачылып , арбып отурган бул эпосту ырааттуу түрдө кагазга түшүрүү , чогултуу канчалык зарыл болсо , аны кайтадан оозеки жаттатуу ансайын маанилүү эле . кайта-кайта жатка айтуу кыргыз эпосуна жаңы кан берген менен барабар еле . болуп да басма иштери өнүкбөгөн , кол жазманы сактап калуунун мүлдө мүмкүндүгү түзүлбөгөн доордо " манас " эпосун жатка алуунун өзүнчө тарыхый маңызы бар эле . кыргыз адабиятына , маданиятына сиңирген дилгир эмгегинен , аракеттеринен коодуланган Шың өкүмөтү Балбайды түрмөгө солоп , ал жыйнаган матерыялдары талоорунга алганда Балбайдын узун жылдык эмгек мөмөсү Жүсүп Мамайдын көкүрөгүндө сакталып калган . жазмаларды жоготколу , көз жаздым кылгалы болсода , көкүрөктө сакталып калган мурасты өчүрүү мүмкүн эмес экен . Балбайдын эл ооз адабиятына , " манас " эпосуна каныккан устаттыгы натыйжасында эрыкбей-зерыкбей катаң талап коюп Жүсүп Мамайды тарбиялаган адал тер акынан улам Жүсүп Мамай доор аттаган , кылым карыткан улуу манасчы болуп жетилип чыккан . Жүсүп Мамай болбогон болсо , сегиз урпактын жомогун камтыган океяндай мурас бизге жетбеген болоор эле . Балбай Жүсүп Мамайга эпостун өзүн жаттатып эле калбай , эпос айтуудагы түрдүү ыкмаларды , чебердиктерди , обон , кыймыл бириккен бир катар баяндоо адистерин үйрөткөн . Балбай " манас " эпосунан башка кыргыздын көптөгөн дастандарын да жыйнаган . 1937 - жылы Балбай учтурпандагы кыргыз агартуу маданият уюшмасында актиптүү иштеп жаткан жеринде Шың өкүмөтүнүн адамдары тарабынан түрмөгө солонуп , ошол бойдон из-дареги болбой калган . үч жылдан кийин анан айылына казаа болгондугу жөнүндө кабар келген . < " манас" эпосунун варыйанттары жана манасчылык > деген китептен алынды (мамбеттурду мамбетакун уулу)
|
|
| |