башкы бет » макала » кыргыз ишмерлери |
кыргыз элинин атактуу эмчиси Дүйшөбек Сыдык уулу
![]() кыргыз эмчилигине кымбаттуу салым кошуп, кыргыз эмчилиги үчүн кесибин жандай сүйүп, өмүрлүк алгалоо жолун тандай билип, соо-саламат журтчулуктун оозуна кирген ары эчендеген «көрү жакын төрүнөн» болуп калган беймарлардын (оорулардын) жанын «азырейилден арачалап калган» ардагер жигит Дүйшөбек Сыдык уулу 1970-жылы 17-мартта акчий оодан карачий айылында малчы үй-бүлөсүндө төрөлгөн . башталгыч , толуксуз орто мектеперди карачийде окуган . толук ортону областык 3 - орто мектепте окуган .1990 жылдан - 1995-жылгача өз каалоосу боюнча хотендеги шинжаң уйгур эмчилик жогору техникомунун дабалоо кесибин бүтүргөн , ал бул барышта киласта жана мектепте окуучулар кадыры болгон , кыласта уландуу 2 - , 3 - даражалуу кош сыйлык акчасын алып окуган ары хотен аймагы боюнча кош озот жеке болуп сыйланган . 1994 - жылы мектепте окуп жүргөндө жуңго комунисттик партиясына мүчө болгон . 1995 - жылы окууну бүтүрүп , акчий оодандык эл ооруканасына кызматка бөлүнгөн . 1996 - жылы 1 - айда кызмат байланышы менен кызылсуу кыргыз аптоном областык улуттук сөөк ооруканасы ички оорулар бөлүмү жана кыргыз эмчилик бөлүмүнө жөткөлүп келинген . азыр ички оорулар бөлүмүнүн баш вирачы , орунбасар бөлүм мудуру болуп эмгектенүүдө . 1994 - жылдан азырга чейин өзүнүн кесиптик жактагы арыбай - талбай изденүүсүндө , атайын алыс - жакындагы кыргыз айылдарына барып , ар кайсы жерлердеги кыргыз эмчилери , тарыхчылары менен маек куруп , кыргыз эмчилик тарыхы жана кыргыз эмчилик илимин жыйнап иреттеп , амалий сынактан өткөзүп колдонуп , жаңы изилдөө макалаларын жазып мамлекет даражалуу < жуңго аз сандуу улуттар илмий журналы > ында < кыргыз емчилигинин байыркы жана азыркы өнүгүү абалы > , аптоном раён даражалуу < шинжаң уйгур тибабет (эмчилик) жогору тахникому илмий журналы > ында < кымыздын дарылык касиети жөнүндө изденүү > , < калтысийдин мүнөзү жөнүндө алгачкы изденүү > , < кычы үрөөнү талканы чапталмасынын сууктан болгон муун сезгеничине болгон өнүмү жөнүндө > , < кычы үрөөнү талканы чапталмасынын тынык жолу оорусуна болгон өнүмү жөнүндө > , < тамыр жана оорулар > , < кандагы май курамы артып кеткендерди жүзүм суусу ачытмасы менен эмдөө абалы > , < уйгур эмчилик - дарыгерлик изилдөө иштеринде сакталган маселелер > , < бирлешме дарылардын мүнөзү жана мүнөз даражасын аныктоо > , < сезгенбеген тынык жолу системасы ооруларын улуттук эмчилик боюнча эмдөө өнүмү > , < кыргыз эмчилик тарыхын изилдегенде > , < кыргыз балдарынын кол адалатуусунун туура болбогондугу жөнүндө > сыяктуу 15 тен ашуун илмий макаласын жарыялаган ошондой эле аптоном раён даражалуу илмий талкуу жыйындарына катышкан . мунун ичинде < бирлешме дарылардын мүнөзү жана мүнөз даражасын аныктоо > деген макаласы 1996 - жылы шинжаң бойунча үрүмчүдө өткөрүлгөн жаш улуттук эмчилик - дарыгерлик илмий талкуу жыйналышында 1 - даражалуу сыйлыкка ээ болгон . жогоркудай жыйноо жана изилдөө барышында , айыл- кыштак жана шаардагы ар бир кыргыз элине денеге зыянсыз , өзүбүз көрүп билип жүргөн кыргыз эмчилик дарыларын колдонуп акча тежеп , өз ден соолугун өзү сактап калуу үчүн «капыс көрүлөтурган ооруларды кыргызча эмдөө аргасы» деген китебин жазып кызылсуу кыргыз басмасы жагынан 2009-жылы жарык көргөн . «өзүңдү өзүң эмдеп ал» деген китеби 2010-жылы басмадан жарык көргөн. ал арыбай - талбай кыргыз эмчилик тарыхы , кыргыз эмчилик илмин изилдеп , 3- китеби жөнүндө изденип жатат . < базар басакеси жана биз > , < кыргыз емчилик тарыгын изилдегенде > сыяктуу макалалары адабий журналдарга да жарыяланган . Дүйшөбек Сыдык уулу кызмат барышында көп жолу «озот кызматчы», «ву дуңйүнчө доктур» болуп сыйланган , азыр кызылсуу кыргыз аптоном областык уйгур эмчилик сөөк ооруканасынын ички оорулар бөлүмүнүн баш вирачы. орун басар бөлүм мудуру, жуңхуа медитсина илимый коомунун мүчөсү. | |
көрүлүшү: 3545 | сын: 4 | даражасы: 5.0/1 |
жалпы пикир: 4 | ||||||||||||||||
жайыт кожоюну
айдар
ыр койгуч
жайытка баа берүү
досторум
.
Манас текчеси
түшүм сатып алуу
жайыт телеси
маңыздуу улануу
|